Украинанын куралдуу күчтөрү согуштун 110-күнүндө орус күчтөрү басып алган миңден ашык украин шаарларын жана айылдарын бошотту. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский түнкү салттуу кайрылуусунда кабарлады.
Мурдараак ал Орусиянын аскерлери Украинанын 3 миң 620 айылына киргенин, алар украин жеринин 20% ашыгын ээлеп турганын айтты. Бошотулган айылдар Житомир, Киев, Чернигов, Сумы, Харьков, Херсон облустарында.
Харьков облусунун Изюм шаарына жакын жерде айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Орусия басып алган шаардын өзүндө 15 миңдей жайкын тургун калганын шейшембиде Изюм шаардык кеңешинин депутаты Максим Стрельник "Азаттыктын" украин кызматына билдирди.
"Изюмда Украинадагы эң оор салгылашуулардын бири болуп жатат. Душман Изюмда 25ке жакын батальондук тактикалык топторду коюп, биздин аскерлерди курчоого алуу үчүн Славянск жана Барвенково шаарлары багыты боюнча алдыга жылуу аракетинде. Украинанын Куралдуу күчтөрү жана аймактык коргонуу күчтөрү өз жерин баатырларча коргоп жатышат", - деди ал.
9-июнда Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо маалыматтарына таянып, орусиялык аскерлер Северодонецкиге чабуул жасоо менен бир убакта Изюмден түштүккө жылуу аракеттерин күчөткөнүн билдирди.
Орус аскерлери Северодонецк шаарынын көпчүлүгүн көзөмөлдөөдө
Украин армиясынын бир нече жумадан бери оор жоготууларга учурап көрсөтүп жаткан катуу каршылыгына карабастан орус аскерлери азыркы тапта Северодонецк шаарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турат.
Расмий Киев Батыш өлкөлөрүнүн курал-жарак жактан жардамына муктаж экенин кайталап айтууда.
Ал арада бүгүн 15-июнда Орусия Северодонецк шаарындагы “Азот” химиялык заводунун аймагында коргонуп жаткан украин аскерлеринен куралын таштап, багынып берүүнү талап кылды. Ал эми ошол эле жерде баш калкалап турган жайкын тургундарга «гуманитардык коридор» берилерин айтты.
Макрон Орусияны токтотуу үчүн "баарын жасоого" даяр экенин айтты
Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Орусиянын Украина менен согушун токтотуу үчүн баарын жасоого даяр экенин убада кылган билдирүүсү анын Москвага карата буга чейинки позициясынан кескин айырмаланды.
15-июнда Румынияга сапары учурунда НАТОнун аскердик базасында франциялык, америкалык, британиялык жана башка союздаш өлкөлөрдүн аскерлеринин алдында сүйлөп жатып ал “Биз Орусиянын аскердик күчүн токтотуу, украиналыктарга жана алардын армиясына жардам берүү жана сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн бардыгын жасайбыз», - деп билдирди.