Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:04
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:39 16.6.2022

15-июнда Кошмо Штаттар Украинага 1 миллиард долларга жакын суммага кошумча курал-жарак берилерин жарыялады. Украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ президенти Жо Байден Штаттар жардамын уланта берерин билдирди. Анын билдирүүсүндө “Жашоосун бул согуш үзгүлтүккө учураткан украин элине колдоо көрсөтүү уланары” айтылды.

Кезектеги жардамдын курамына реактивдүү системалар үчүн ракеталар, гаубицалар жана кошумча тетиктер кирет.

12:40 16.6.2022

Украина: "Азот" заводундагыларды эвакуациялоо аракети үзгүлтүккө учурады

Украинанын Северодонецк шаарындагы жүздөгөн жайкын тургун баш калкалап отурган "Азот" химиялык заводунан адамдарды эвакуациялоо кайрадан үзгүлтүккө учурады. Бул үчүн Орусия Украинаны айыптоодо, украин тарап азырынча жооп бере элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, шаардын өзүндө миңдеген адам камоолдо калды. Ал жакта таза суу жок калганы, электр жарыгы улам өчүрүлүп, санитардык абал начарлап кеткени кабарланууда.

13:04 16.6.2022

Франция, Германия жана Италиянын өлкө лидерлери Эммануэл Макрон, Олаф Шольц, Марио Драги 16-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Киевге барышты. Жергиликтүү басылмалар өлкө бийлигинин өкүлдөрүнө таянып, европалык лидерлер Украинанын Евробиримдикке кабыл алынышынын шарттарын жана Москва менен аскердик жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну талкуулай турганын жазышууда.

17:47 16.6.2022

The Insider: Чеченстанда эркектер Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүлүүдө

Орусиянын субъектиси – Чеченстанда эркектер Украинадагы согушка мажбур түрдө жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу The Insider басылмасы ал жакка жөнөтүлгөн чечендердин үй-бүлөлөрүнө, жергиликтүү юристтерге жана укук коргоочуларга таянуу менен маалымдады.

Медиа белгилегендей, күч кызматтары аскерге жарамдууларды ар кандай жолдор менен коркутуп, анын ичинде кылмыш ишин козгоо опузасы менен басым кылышууда.

“Вайфонд” укук коргоо ассоциациясы согуш башталгандан бери аларга кеминде 500дөн ашык адам жардам сурап кайрылганын кабарлаган. Согушка баргысы келбегендер басмырлоого жана кыйноого алынууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG