Еврокомиссия Украинанын талапкерлик тууралуу арызын талкуулайт
Бүгүн 17-июнда Европа комиссиясы Украинанын Евробиримдикке кирүүгө талапкер өлкө макамын алууга арызы боюнча акыркы талкуусун өткөрөт. Жыйындын соңунда комиссиянын бирдиктүү позициясы жарыяланып, ал Евробиримдиктин лидерлерине саясий чечим кабыл алуу үчүн сунуш катары берилет.
16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү колдой турганын билдиришти.
Талапкер өлкөлөрдүн макамы боюнча маселе Евробиримдиктин 23-24-июнда өтө турган саммитинде талкууланганы жатат.
Төрт лидер Украинаны Европа Биримдигине кошуу идеясын колдой турганын билдирди
16-июнда Киевге келген Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын Министрлер кабинетинин төрагасы Марио Драги Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Кездешүүгө Киевге өз алдынча келген Румыниянын президенти Клаус Йоханнис да катышты.
Жолугушуудан кийинки биргелешкен билдирүүдө европалык лидерлер Украинага Европа Биримдигине кирүүгө талапкер-өлкө макамын берүү идеясын кубаттай тургандыктарын айтышты.
"Биз төртөөбүз тең Евробиримдикке мүчөлүктү чукул арада берүүнү колдойбуз”,-деди Макрон анда.
Спутниктен сүрөт тарткан Maxar компаниясы Орусия желегин илген кемелер Украинадан Сирияга дан ташып жатканын кабарлады.
Тактап айтканда, ал Севастопол портунда эгин жүктөп жаткан орусиялык эки жүк ташуучу кеменин май айындагы сүрөттөрүн келтирген. Бир нече күндөн кийин ошол эле кемелер жүктү түшүрүү үчүн Сирияга келип токтошкон. Севастополдо эгин жүктөлүп жаткандагы дагы бир сүрөт июнь айында тартылган.
Maxar ошондой эле украин дыйкандарынын түшүмдөрү быйыл 2021-жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз экенин билдирди.
Украина Орусияны басып алган аймактарынан дан уурдап, аны чет өлкөгө сатууга аракет кылып жатат деп айыптоодо.
Согуштун токтобой жатышы менен дүйнөдө азык-түлүк тартыштыгы коркунучу жаралды. Анткени Орусия менен Украина дүйнөдөгү буудайдын төрттөн биринен көбүн камсыздайт.
Coca-Cola Орусияда өз товарларын сатууну токтотот
Coca-Cola компаниясы продукциялардын бар запасы түгөнгөндөн кийин Орусиянын аймагында өз товарларын өндүрүүнү жана сатууну токтотот. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.
Компания Coca-Cola, Fanta жана Sprite суусундуктарынан сырткары Schweppes алкоголсуз тониктерин, Bon Aqua суусун жана Fuzetea муздак чайларын чыгарчу.