Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:12
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.

Украина: Ок атышпоо режими аяктады, бир нече аймакка жапырт сокку урулду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:57 17.6.2022

Европа комиссиясы Украинага Европа Биримдигинин (ЕБ) мүчөлүгүнө талапкер макамын берүү тууралуу сунушун Европа Кеңешине жөнөттү. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 17-июнда атайын басма сөз жыйынында жарыялады.

“Биз Украинада өтө маанилүү реформалар өткөрүлүшү зарыл экенин белгилөө менен ага талапкер макамын берүүнү сунуштайбыз. Украина европалык баалуулуктарга жана стандарттарга ыктай турганын так көрсөтө алды. Европа Биримдигине алып барчу жолун согушка чейин баштаган”,-деди ал.

19:18 18.6.2022

Google корпорациясынын Орусиядагы туунду компаниясы Москванын арбитраждык сотуна кайрылып, өзүнүн банкроттугу тууралуу жарыялады. Иштин материалдарын "Ведомости" басылмасы таап чыкты.

Жергиликтүү "Гугл" жоопкерчилиги чектелген коому өзүн банкрот деп жарыялаганы жатканы 18-майда белгилүү болгон. Арызды сотко эми берди.

Москва Украинага кол салгандан кийин март айында Google корпорациясынын Орусиядагы кеңсесинин банктык эсеби камакка алынган.

19:19 18.6.2022

Украинада согуш башталгандан бери 323 бала каза болду

Украинанын Башкы прокуратурасы 18-июнга карата Орусия Украинага кол салгандан бери 232 бала каза таап, 583ү жарадар болгонун маалымдады.

Прокуратура бул сан так эмес экенин, оккупацияланган жана согуштук операциялар жүрүп жаткан аймактардагы курмандыктар азырынча эсептелип жатканын билдирди.

"Каза болгон балдардын көбү Донецк облусунан. Жалпысынан согуш башталгандан бери 301 бала каза тапкан. Харьковдо 170, Киевде 116, Черниговдо 68, Луганскиде 54, Херсондо 52, Николаевде 48, Запорожьеде 30, Сумыда 17 бала өлдү", - деп билдирди Украинанын расмий органы.

19:20 18.6.2022

Журналисттер Орусиянын 3 миңден ашуун аскери тууралуу маалымат чогултту

“Медиазона” басылмасы, Би-Би-Синин кабарчылары жана ыктыярчылар менен бирге Украинага Орусия басып киргенден бери каза болгон 3 798 орусиялык аскер тууралуу маалымат чогултту.

Журналисттер ачык булактардагы маалыматтарга, Орусиянын басма сөз каражаттарына таянуу менен көз жумгандардын санын тактоого аракет кылган. Бирок чыныгы жоготуулар мындан бир нече эсе көп болушу айтылууда.

Көбүнчө жөө аскер полктору, аткычтар, танкисттер набыт болуп, 652 офицер окко учкан. 72 аскердин полковниктен өйдө чинди алып жүргөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG