Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:21 18.6.2022

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга катышып, бир катар темаларда пикирлери менен бөлүштү. Форумдун 17-июнь күнкү отурумунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир пленардык жыйынга чыкты.

Бул күнкү жыйынды алып барган RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Токаевге ачык суроо коюп, “Донецкидеги жана Луганскидеги түзүмдөрдү Казакстан тааныйбы?” деп сурады. Казак президенти ага Нур-Султан аларды тааныбай турганын айтты.

19:23 18.6.2022

Орусиянын Украинага кеңири масштабдагы кол салуусу башталгандан бери Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 17-июнда экинчи жолу Киевге келди. Бул сапары алдын ала айтылган эмес.

Жонсон анда украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Украинага аскердик жана экономикалык колдоо көрсөтүү, Орусияга карата санкцияларды күчөтүү сыяктуу маселелерди талкуулады.

19:30 18.6.2022

Орусия армиясы ишембинин таңында Кривой Рог шаарына ракеталык сокку урганын калаа башчысы Александр Вилкул Телеграмга жазды. Анын айтымында, ураган имараттар, жарадар болгондор бар.

Бул арада Харьковго да сокку урулганы кабарланды.

11:34 19.6.2022

Пентагон Украинага дагы кошумча төрт HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракета системасын берүүнү караштырууда. Буга чейин Вашингтон аскердик жардам пакетининин алкагында Киевге төрт HIMARS берүүгө макул болгон. Бул тууралуу Politico басылмасы АКШнын Коргоо министрлигиндеги анонимдүү булактарына таянып билдирди. Кошумча ракета системаларын берүү чечимин эми Ак үй бекитиши керек.

Politico басылмасы Британия жана Германия дагы Украинага M270 жапырт аткылоочу ракеталык системаларды берүүнү убада кылганын жазды. Украина сураган бул HIMARS жана M270 системалары 80 чакырымга чейинки бутаны жок кыла алат. Анын 300 чакырымга чейинки бутаныатууга мүмкүнчүлүгү бар. Украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбой турганын убада берген.

Расмий Киев фронтто Орусия менен тең салмактуулукка жетүү үчүн бир нече оор техника керектигин айтып, анын ичинде 300 реактивдүү системаны атаган. Бул тууралуу украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирген. Азыр украин аскерлери HIMARS системаларын колдонуу боюнча машыгуулардан өтүүдө. Мындан тышкары Батыштын заманбап куралдарын оңдоо жана тейлөө системасын уюштуруу зарыл болууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG