Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:40 19.6.2022

НАТОнун баш катчысы Украинада согуш жылдарга созулуп кетиши мүмкүн экенин эскертип, өнөктөштөргө "баасы канчалык жогору болсо" дагы Киевди заманбап курал-жарак менен жабдууга чакырды.

Мындай чочулоо бир жагынан орус армиясы Украинанын чыгышындагы Северодонецк баштаган бир катар шаарларда өз чабуулдарын күчөтүп, экинчи жагынан Европа биримдиги Украинаны мүчөлүккө талапкерликке сунуштаган маалда айтылды.

Түндүк атлантикалык бирикменин баш катчысы Йенс Столтенберг немистердин Bild am Sonntag гезити 19-июнда жарыялаган интервьюда: “Согуш жылдарга созулуп кетээрине даяр болуп, Украинага колдоону токтотпошубуз керек”, – деп айткан.

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон Киевге барып келгенден кийин Лондондо чыккан Sunday Times гезитине “убакыт өтө маанилүү фактор” жана “Украина орус күчтөрү чабуулдарын күчөткүчө өз жерин коргоп үчүн күч жыйнай алабы-жокпу, ошондон көз каранды” деп жазды.

Жонсон 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери 10 миңдеген киши набыт болуп, 10 миллионго чукул карапайым тургун үй-жайын таштап, бозгунга айланган кырдаалда Киевдин өнөктөштөрүн украиндерге "чарчап-чаалыкпай" колдоо көрсөтүүгө үндөдү.

17-июнда Еврокомиссия Украинага биримдикке мүчөлүккө талапкер макамды тездетилген шартта берүүгө сунуш кылган. Европа кеңеши Киевдин арызын 23-24-июнда карайт.

18-июнда украин президенти Владимир Зеленский Киевден 500 чакырым жердеги Николаев облусундагы согуш тилкесине барды. Ал эртеси Телеграмга “аскерлер, полиция жана Улуттук армия... жеңиштен күмөн санабайт” деп жазды.

“Өлкөнүн түштүгүн эч кимге бербейбиз, өз жерибиздин баарын толук кайра алабыз”, – деди Зеленский.

16:23 19.6.2022

19-июнда Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Вадим Денисенко өлкөдөгү экинчи чоң шаар – Харьковду орус армиясы кайрадан “согуш тилкесине” айлантууга аркеттенип жатканын белгиледи. Ал Украинанын улуттук телеканалына баскынчылардын күчтөрү өлкөнүн түндүк- чыгышындагы Харьков шаарына жакындоого аракет кылып жатышканын айтты.

“Орусия Харьковду согуш тилкесиндеги шаарга айланткысы келүүдө” – деди ал.

Шаардын 1.4 миллион калкынын басымдуусу орус тилдүүлөр. Орусиянын чек арасынан 30 чакырым турган калаа 24-февралда согуш башталганда орус армиясынын катуу соккусуна дуушар болгон. Май айында Харьковду коргогондор орус күчтөрүн артка сүрүп чыккан.

Өткөн аптада Харьковдун алдында украиндер контрчабуулга даярданып жатканын, ага каршы туруу үчүн орус армиясы артиллериясын даярдыкка келтиргени тууралуу маалымат тараган.

Буга чейин Эл аралык мунапыс уюму орус күчтөрү согуш башталганда “Харьковду туш келди бомбалаганын” билдирген. Уюмдун баяндамасындында айтылгандай, “эл жашаган райондорго такай чабуул жасалып, жүздөгөн карапайым тургун набыт болуп, турак-жай жер талкаланган”. Ошондой эле “көпчүлүк чабуулдарда тыюу салынган кассеталык бомбалар” ташталганы да баса белгиленген.

14:25 20.6.2022

Орусия Украинанын Северодонецк шаарына толук көзөмөлүн орнотуу үчүн аба чабуулдарын улантууда. Украин армиясынын Башкы штабы 20-июнда билдиргендей, орус күчтөрү Северодонецктин жака белиндеги бир нече шаарчаны аткылады. Су-25 аскердик учактары Лиман жана Угледар шаарчаларынын айлана-тегерегине абадан сокку урду.

Маалыматка ылайык, Орусия С-300ВМ абадан коргонуу системасын украин чек арасына жакын аймакка жөнөттү. Мындан тышкары орус күчтөрү Лиман, Авдеевка жана Запорожье шаарларындагы украин аскерлерине чабуулдан кийин күчүн кайра топтоого мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Президент Владимир Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда Орусия чабуулдарын дагы күчөтүшү мүмкүндүгүн, буга украин күчтөрү да даяр экенин айтты.

"Донбасста айыгышкан салгылашуулар уланып жатат. Орус армиясы ал жакта өтө көп сандагы артиллерияны, көп сандагы чабуул коюучу күчтөрүн колдонуп жатат. Бирок Северодонецк, Лисичанск, Авдеевка, Красногоровка жана башка катуу уруш жүрүп жаткан аймактар туруштук берип жатат. Биздин эл ушундай. Алар жана биздин армия бекем турат", - деп билдирди Зеленский.

Украин тараптын маалыматына ылайык, Луганск облусундагы Северодонецк шаарынан 10-12 миңдей киши чыга албай калды. Карапайым жарандардын бир бөлүгү шаардагы "Азот" химиялык заводунда баш калкалап жатышат. Буга чейин аймактагы украин күчтөрү орус армиясына багынып берүүдөн баш тартышкан.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 19-июнда жарыяланган маегинде Украинадагы согуш “жылдарга" созулушу мүмкүндүгүн, аскердик альянс Киевге аскердик жактан колдоо көрсөтүүнү улантышы керек экенин билдирди.

13:41 21.6.2022

Литва: Калининград облусуна жүргүнчүлөр жана санкцияларга жатпаган жүктөр өткөрүлүп жатат

Литванын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө 20-июнда Орусиянын Литвадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Рябоконь жолугушуу үчүн кеңсеге чакырылганы айтылат. Анда Литва Евробиримдиктин мыйзамдарынын алкагында гана иш алып барары жана чектөөлөр өлкө аймагы аркылуу транзитке тыюу салынган товарларга, мисалы, кара металлдардан жана болоттон жасалган буюмдарга гана тиешелүү экендиги дагы бир жолу белгиленди.

10-июлдан тарта Евробиримдиктин санкциялары орусиялык башка товарларга, мисалы, цементке жана спиртке, 10-августтан көмүргө, 5-декабрдан мунайга карата колдонулат.

Буга чейин Орусия Литва аркылуу Калининград облусуна жүк ташууну чектөөнү кескин сынга алып, бул өлкөнү “жооп чаралары” менен коркуткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG