Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:43 21.6.2022

Дмитрий Муратов Нобелдин медалын 103,5 миллион долларга сатты

Орусиянын “Новая газета” басылмасынын баш редактору Дмитрий Муратов 2021-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы үчүн берилген медалын аукцион аркылуу 103,5 миллион долларга сатты. Журналист бул каражаттын баары ЮНИСЕФ аркылуу украиналык качкындарга жана алардын балдарына жардам берүүгө жумшаларын билдирди.

Аукциондо медалдын баштапка баасы 13 миң доллардан башталган. Аны ким сатып алганы белгисиз бойдон калды.

13:44 21.6.2022

Зеленский: Орусия менен дан экспорту боюнча сүйлөшүүдө жылыш жок

Украина өз портторун Орусиянын деңиз флотунун блокадасынан бошотуу үчүн "татаал" сүйлөшүүлөргө катышууда. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 20-июнда Африка биримдигине жолдогон видео кайрылуусунда айтты.

Ал азырынча көп баскычтуу сүйлөшүүлөрдө жылыш жок экенин кошумчалап, дан азыктарына байланыштуу дүйнөдөгү учурдагы каатчылык Орусиянын "колониалдык согушу" токтомоюнча улана бериши мүмкүндүгүн эскертти.

13:44 21.6.2022

Боррел Орусиянын украин буудайын чыгарбай жатканын "согуш кылмышына" теңеди

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Орусиянын Украинага дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын "чыныгы согуш кылмышы" деп атады. Ал 20-июнда Люксембургда Еврошаркетке мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согуштан улам дүйнөнү, өзгөчө Африка мамлекеттерин ачарчылык тооруп турганын айтты.

Боррел мындай жагдайдын жаралышына Европанын Москвага каршы санкциялары эмес, Орусиянын украин буудайын порттордон чыгарбай жатканы себеп болгонун айтты.

15:34 21.6.2022

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы "Черноморнефтегаз" ишканасынын мунай бургулоочу платформаларына украин күчтөрү сокку урду. Бул тууралуу Крымдын Орусияга баш ийген жетекчилери жарыялады.

Деңизде жайгашкан платформаларга ракеталык соккулар 21-июнга караган түнү болгон. Жергиликтүү бийлик өрт күндүз деле уланып жатканын кабарлады.

Орусиянын Федералдык кеңешиндеги Крымдын сенатору Ольга Ковитиди өрттөн улам жети адам дайынсыз болуп жатканын, аларды издөө иштери уланып жатканын “Интерфакс” маалымат агенттигине кабарлады.

Аннексияланган Крымдын жетекчиси Сергей Аксёнов украин күчтөрү "Черноморнефтегаз" ишканасынын үч бургулоочу платформаларына сокку жасаганын айткан. Анын сөзүнө караганда аларда жалпысынан 100дон ашык киши иштеген. Беш адам жараат алып, жети адамдын дайыны табылбай жатат. Платформаларда мунай казуу иштери токтотулду. Кылмыш иши козголду.

Украин тарап Крымдагы мунай бургулоочу платформаларга жасалган чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол учурда жарым аралдан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан, Кара деңиздеги мунай бургулоочу платформаларды кошо басып алган. Мурда Украинага караган "Черноморнефтегаз" ишканасын Крымдын жетекчилиги улутташтырып алган. Киев бул боюнча кылмыш ишин козгосо, Евробиримдик менен АКШ аталган компанияга каршы санкция салган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG