Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Зеленский: Орусия менен дан экспорту боюнча сүйлөшүүдө жылыш жок


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украина өз портторун Орусиянын деңиз флотунун блокадасынан бошотуу үчүн "татаал" сүйлөшүүлөргө катышууда. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 20-июнда Африка биримдигине жолдогон видео кайрылуусунда айтты.

Ал азырынча көп баскычтуу сүйлөшүүлөрдө жылыш жок экенин кошумчалап, дан азыктарына байланыштуу дүйнөдөгү учурдагы каатчылык Орусиянын "колониалдык согушу" токтомоюнча улана бериши мүмкүндүгүн эскертти.

Анын алдында Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Орусиянын Украинага дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын "чыныгы согуш кылмышы" деп атаган. Ал 20-июнда Люксембургда Еврошаркетке мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согуштан улам дүйнөнү, өзгөчө Африка мамлекеттерин ачарчылык тооруп турганын белгилеген.

Украина буудай сыяктуу дан азыктарын эң көп экспорттогон дүйнөдөгү беш мамлекеттин катарына кирет. Орусия Украинага кол салгандан бери бул өлкөнүн Кара деңиздеги жана Азов деңизиндеги портторун бөгөттөп, Киевге дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей келет. Орус президенти Владимир Путин дүйнөдөгү дан азыктарынын кымбатташына Москваны күнөөлөгөн билдирүүлөрдү четке каккан.

XS
SM
MD
LG