New York Times: Орусия Украинадагы согушта тыюу салынган куралды көп пайдаланды
Орусиянын аскерлери Украинанын шаарларын жана айылдарын эл аралык конвенцияларда тыюу салынган куралдар менен аткылап жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы өзүнүн жаңы иликтөөсүндө жарыялады.
Медианын журналисттери Украинада тартылган миңден ашуун фотосүрөттөрдү изилдеп чыгышкан жана анда 2 миңден ашуун дүрмөттөрдүн түрлөрүн аныкташкан. Алардын көбү турак жайлар жайгашкан кварталдарда пайдаланууга тыюу салынган так эмес куралдан атылган.
330 дүрмөт үйлөргө тийген же анын жанында жарылган. 210 учурда эл аралык конвенциялар чектеген кассеталык бомбалар атылганы такталган. Бул бомбалар айланасындагы жүздөгөн чакырым аянтка чейин залал келтирет.
Германия жиберген Panzerhaubitze 2000 үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү артиллериялык гаубицалар биринчи жолу Украинага келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников кабарлады.
Анын айтымында, гаубицаларды колдонууну үйрөнгөн украин экипаждары согушка толук даяр болду.
Резников бул техникалар украин армиясындагы 155-калибрдеги артиллериянын алтынчы түрү болуп саналарын маалымдады. Буга чейин аларда ушул багыттагы M777, FH70, M109, AHS Krab жана Caesar деп аталган гаубицалар бар болчу. Алардын айрымдары сүйрөп жүрүүчү, кээлери өзү жүрүүчү техника болуп саналат.
Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельник немис өкмөтү өзү жүрүүчү Panzerhaubitze 2000 гаубицаларынын кийинки партиясын июндан баштап жибере турганын жарыялаган эле.
Гаубица - бул бута түз көрүнбөгөн жерлерден атууга ыңгайлашкан артиллериялык курал болуп саналат. Ал кадимки замбиректер (пушка) менен бир калибрде болот, болгону гаубицанын найы (ствол) узунураак болот жана алысыраак аралыкка атылат. Гаубицалар өзү жүрүүчү жана сүйрөлүүчү болуп бөлүнөт.
Орусиянын аскерлери Украинага 24-февралда басып кирген. Украиндердин катуу каршылыгынан улам Москва өзү каалаган максаттарга, анын ичинде Киевди алуу ниетине жетпей калган. 22-апрелде өздөрү “атайын операция” деп атаган аракетинин “экинчи фазасын” баштаганын жарыялаган. Анда Орусия көз карандысыз деп тааныган Украинанын Луганск жана Донецк облустарындагы жикчил “республикалардын” аймактарын бошотуу каралган. Мындан сырткары аннексияланган Крымга кургактыктан коридор ачуу жана Молдованын жикчил Приднестровье аймагына жол ачуу да максаттардын бири катары аталган.
Батыш чалгын кызматтарынын баасына караганда, Донбасс аймагында Орусиянын аракеттери ийгиликсиз болуп жатат жана орус күчтөрү өтө чоң жоготууларга учурады.
Луганск облусунун Лисичанск районунда орусиялык күчтөр Подлесное жана Мирная Долина калк жашаган аймактарын алып, Горское кыштагынын аймагында жана Белая Гора багытында алдыга жылганын Украинанын Башкы штабы 21-июнда билдирди.
Анын айтымында, Северодонецкиде украин аскерлеринин колунда калган жалгыз объект болгон "Азот" химиялык заводунун аймагында салгылашуулар уланууда.
Украинанын маалыматына ылайык, орусиялык күчтөрдүн активдүүлүгү Бахмут багытында да байкалган. Харьковдун чет жакасы жана ага жакын жайгашкан Чугуев шаары аткылоого дуушар болуп, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча 6 адам набыт болгон.
Milliyet: Стамбулда Орусиянын, Украинанын жана БУУнун өкүлдөрү жолугат
Келерки аптада Стамбулда Орусиянын, Украинанын, Түркиянын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү жолугуп, украин жергесинен дан азыктарын чыгарып кетүү маселесин талкуулашат. Бул тууралуу түркиялык Milliyet гезити түрк президентинин айланасындагы булактарга таянуу менен кабарлады.
Сүйлөшүү топторунун курамы азырынча белгисиз. Басылма жолугушууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышуусу мүмкүн экенин билдирүүдө.