Орусиянын мунай заводуна сокку урулганы кабарланды
22-июнда Орусиянын Украина менен чектеш Ростов облусундагы Новошахтинск шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастап, анын себептери иликтенип жатканын кабарлады.
Ушуга тушташ эле Baza Телеграм-каналы аталган заводго учкучсуз учак келип тийген видеону жарыялады. Анда өзү учуучу чакан аппарат заводго урунгандан кийин жарылуу болгону көрүнүп турат.
Орусиянын күчтөрү Украинанын Лисичанск шаарын курчаганы калды
Орусиянын армиясы Украинанын Северодонецк жана Лисичанск шаарларына чабуулун улантып, украин каршылыгынын андагы акыркы түркүктөрүн сүрүп чыгарганы калды.
Кеп болуп жаткан шаарлар баш ийген Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Телеграм-каналында кабарлагандай, орус күчтөрү Лисичанскини толук басып, Северодонецкини камоолго алууну көздөп жатат. Ошол себептүү алар соңку суткада негизинен Лисичанск шаарын артиллерия менен жапырт аткылады. Эки тарапта тең өлгөндөр арбын.
Британия Донецкиде туткундалган жарандары боюнча Орусияга кайрылды
Улуу Британия Украинанын аймагында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДЭР”-“ДНР”) деп жарыялаган жикчил түзүмдүн колуна түшүп калган британ аскерлери боюнча Орусияга дипломатиялык нота жөнөттү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги Орусиянын Улуу Британиядагы элчилигине таянуу менен кабарлады.
Лондондогу орус элчиси Андрей Келин бул жөнүндө "Россия 24" телеканалына да маек куруп, “дипломатиялык нота текебер маанайда болгону үчүн ага жооп берүүгө Москванын каалоосу жок болуп жатканын” айткан. Ал ошондой эле Москва менен Лондондун мамилеси "жардын кырында турганын" айтып, Британияны андан көрө түз эле “ДНРдин” бийлигине кайрылууга чакырды.
Орусиянын күчтөрү өлкөнүн түштүгүндөгү чабуулун улантып, Лисичанскиден 20 чакырымдай алыс жайгашкан Лоскутовка жана Рай-Александровка аймактарын басып алды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жана Луганск облусунун администрациясынын башчысы Сергей Гайдайдын айтымында, орус аскерлери Лоскутовканын түндүк-батышындагы Волчеяровка айылына, ошондой эле Украинанын түштүк тарабындагы коргонуусу - Золотага чабуул коюуда.
Бул чабуулдун максаты - Украинанын Луганск аймагындагы коргонуусунун акыркы негизги таянычы болуп калган коңшулаш эки шаар Северодонецк менен Лисичанскини басып алуу жана украин аскерлерин камсыздоо үчүн маанилүү болгон Бахмут-Лисичанск автожолун тосуу.