Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Орусиянын күчтөрү Украинанын Лисичанск шаарын курчаганы калды


Украина менен Орусиянын чектешкен жеринин картасы. Северодонецк, Лисичанск жана башка шаарлардын Google Maps сервисиндеги көрүнүшү.
Украина менен Орусиянын чектешкен жеринин картасы. Северодонецк, Лисичанск жана башка шаарлардын Google Maps сервисиндеги көрүнүшү.

Орусиянын армиясы Украинанын Северодонецк жана Лисичанск шаарларына чабуулун улантып, украин каршылыгынын андагы акыркы түркүктөрүн сүрүп чыгарганы калды.

Кеп болуп жаткан шаарлар баш ийген Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Телеграм-каналында кабарлагандай, орус күчтөрү Лисичанскини толук басып, Северодонецкини камоолго алууну көздөп жатат. Ошол себептүү алар соңку суткада негизинен Лисичанск шаарын артиллерия менен жапырт аткылады. Эки тарапта тең өлгөндөр арбын.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгын маалыматтарына таянуу менен 22-июнда мындагы кармаштын жыйынтыгы эки тараптын жөндөмдөрүнө жана фронтко резервдик күчтөрүн канчалык тарта алганынан көз каранды экенин маалымдады.

Британ Чалгын кызматынын маалыматына караганда, Донецкидеги аткылап жаткан жикчил күчтөрдө жоготуулар көп болуп жатат. Аларда ушул убакка чейин 2100дөй адам өлдү, 8900дөй адам жараат алды. Бул алардын башында жарыяланган күчтөрүнүн тең жарымын түзөт.

Украин тараптагы жоготуулар да сыр бойдон калууда. Ошентсе да мурдараак Украинанын президенти Владимир Зеленский өзү алар күн сайын жүздөй жоокерин жоготуп жатканын мойнуна алган.

“Тактикалык аракеттердин жардамында украин армиясы Луганск облусун коргоону улантып жатат. Баарынан оор кармаштар азыр ошол жакта жүрүүдө. Баскынчылар Донецк багытына да басым жасоодо. Харьковдо орус тарап артиллериялык аткылоо жасады. Николаев, Запорожье обулстарын коргоп, Херсон облусун акырындан бошотуп жатабыз”,-деди ал.

Кармаш линияларынын айрым жерлеринде Орусия алдыга жылса, кээ бир тилкелерде украин күчтөрү аларды сүрүп чыгып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG