Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:47 23.6.2022

"Чек арасыз кабарчылар": журналист Левинди орус аскерлери атып өлтүргөн

“Чек арасыз кабарчылар” (Reporters Without Borders) эл аралык уюму украиналык белгилүү фотограф жана документалист Макс Левин менен анын шериги Алексей Чернышевди орусиялык аскерлер атып өлтүргөнүн иликтеп чыкты.

Уюмдун баш катчысы Кристоф Делуар кылмыш болгон жерден тартылган сүрөттөр, далил буюмдар тыкыр иликтенгенин, натыйжада "алар суракка алынып, ал тургай кыйноого да кабылган, андан кийин атып өлтүрүлгөн" деп айтса болорун билдирди.

18:33 23.6.2022

Брюсселде Евробиримдиктин саммити башталды

23-июнда Бельгиянын борбору Брюсселде Европа Биримдигинин (ЕБ) саммити башталды. Жыйын эки күнгө созулат. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери бул саммитте Украина менен Молдовага уюмга кирүүгө талапкер макамын берет деп күтүлүүдө. Мындай сунушту мурдараак Еврокомиссия берген.

“Тарыхый окуялар болуп жатат”,-деди Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен саммиттин алдында. Ал муну менен Орусиянын Украинага агрессиясы тууралуу гана эмес, бул кол салуудан кийин Украинанын, Молдованын жана Грузиянын ЕБге кирүүго арыз бергени да кеп болуп жатканын билдирди. Грузияга талапкерлик макам берилбейт, ага бир нече шарттар коюлушу мүмкүн.

18:33 23.6.2022

Улуу Британия өз валютасын Орусияга накталай ташууга тыюу салды

Улуу Британия Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкцияларын кеңейтти. Жаңы чектөөлөрдүн арасында британ улуттук валютасы – фунт стерлингди ал жакка накталай ташууга тыюу салуу да каралды.

Мындан сырткары орусиялыктарга техникалык жардам берүү, финансылык жана брокердик кызмат көрсөтүү, “кара тизмеге” кирген товарларды Орусияга экспорттоого чектөө кирди.

Экспортёрлорго ал жакка жөнөтүүгө болбойт деп аталган товарлардын тизмесине деңизде жүк ташуу, мунай казуу жана башка бир катар өндүрүш тармагындагы технологиялык товарлар да кирди. Орусияга авиациялык күйүүчү май экспорттоо жана Орусиядан темир менен болотту импорттоого да тыюу салынганы өзүнчө белгиленди.

12:46 24.6.2022

Украина менен Молдова Европа Биримдигине кирүүгө талапкер болду

Брюсселде 23-июндагы Европа Биримдигинин саммитинде Украина менен Молдовага аталган уюмга кирүүгө талапкер макамы берилди. Бул Еврошаркеттин тарыхындагы эң чукул кабыл алынган чечим болуп калды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттады жана “Бул жеңиш. Биз аны 120 күн жана 30 жыл күткөнбүз” деп билдирди. Талапкер макамынын берилишин Украина менен Еврошаркеттин алакасындагы “өзгөчө учур” катары сыпаттады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG