Америкалык HIMARS системалары Украинага келип түштү
АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Украинага келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасында кабарлап, америкалык кесиптеши Ллойд Остинге ыраазычылык билдирди.
Украина Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн оор артиллериялык курал-жаракка муктаж экенин билдирип келет.
Гайдай: Украиналык аскерлер Северодонецкини таштап кетүүгө аргасыз болду
Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай украин аскерлери Северодонецкини таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди. "Талкаланган позицияда болуунун мааниси жок экенин, каза болгондордун саны өсүп жатканын" айтты.
Гайдай белгилегендей, Орусия күчтөрү төрт айдан бери тынбай аткылап жаткан шаарда имараттардын 90 пайызы талкаланган же жабыркаган.
Согушту изилдеген америкалык институтунун маалыматына ылайык, Орусиялык аскерлер Лисичанскинин түштүк чек арасына жетип, эки шаарды тең басып алуу үчүн Северодонецкинин айланасындагы аскерлерин күчтөнтүп жатышат.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 24-июнь күнү эртең менен орус аскерлери Лисичанскинин түштүгүндөгү Түндүк Донец дарыясынын оң жээгинде Украинанын коргонуусун бузуп өткөнүн, бирок украин армиясы түштүк-батыштан келген чабуулдун мизин кайтара алганын билдирди.
Ошондой эле орусиялык күчтөр Харьков, Славянск чөлкөмүндөгү калктуу конуштарды жана Бахмут-Лисичанск автожолуна жакын айылдарды тынымсыз аткылоодо.
Украинанын Башкы штабынын оперативдүү маалыматы: Северодонецк оккупацияда, калктуу конуштар аткыланды, Кара деңизден жана Беларустан келген коркунуч (Акыркы маалыматтар)
Орусиянын Украинага басып киргенине 123 күн болду
- Беларус тараптан авиациялык сокку коркунучу сакталып турат;
- Орусиялык армия Украинага чектеш аймактарында коргонуу позицияларын чыңдоодо. Украинанын куралдуу күчтөрү Чернигов облусундагы Хриновка жана Янжуловка калктуу пункттарынан аткыланууда;
- Харьков багытындагы Украинанын позициясы жана калктуу конуштар аткылоого кабылды;
- Славянск багытында украин аскерлери Богородичный районундагы орусиялык чабуулду жана Мазановка багытындагы курчоого алууну токтото алды. Орусиялык аскерлер жоготуу менен артка чегинди;
- Донецк багытында орусиялык армия ээлеп алган алган аймагын кармап калууга жана аскерлердин санын толуктоого аракет кылууда;
- Краматорск багытында орусиялык армия калктуу Маяки, Пискуновка жана Северск калктуу конуштарын аткылады;
- Лисичанск багытында орус күчтөрү райондогу Волчоярка, Лоскутовка, Белая Гора, Верхнекаменка, Верхнекаменское, Выемка жана Золотаровка элдүү пункттарын аткылады;
- Бахмутск багытында миномет, реактивдүү артиллерия менен Константиновка, Покровское, Николаевка, Вершина, Берестово, Зайцево, Клиново, Нью-Йорк, Владимировка жана Ивано-Дарьевка калктуу конуштарына жакын жерлер аткыланды;
- Украина армиясы орусиялык күчтөрдүн Покровское, Нью-Йорк жана Марьинка калктуу конуштарындагы курчоо аракеттерин токтотту;
- Орусиялык армия Павловкадан алыс эмес аймакка Ка-52 жана Ми-24 тик учактары менен авиациялык сокку урду;
- Украинанын аскер бөлүктөрү чыгып кеткенден кийин Северодонецк, Сиротино, Вороново жана Боровское калктуу конуштарына орусиялык күчтөр жыйнала баштады;
- Южнобужск багытында каршылаш ээлеп алган аймактарына күч топтоп, Украинанын аскерлери турган жерди миномет жана реактивдүү ракета менен аткылоодо;
- Кара деңизден жана Азов деңизинин акваториясынан Украинанын аймагын ракета менен аткылоо үчүн эки таамай сокку ура турган курал даярдыкка келтирилди. Деңиздеги "Калибр" жабдыгы 16 канаттуу ракета учурууга жөндөмдүү.
Украин армиясы Северодонецк шаарындагы айыгышкан жана узак салгылашуудан кийин ал жактан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун расмий билдирген соң орун алмаштырып, күрөштү башка жерден улантарын убада кылууда.
Өлкөнүн аскердик чалгын мекемесинин башчысы Кирилл Буданов 26-июнга караган түнү “Рейтер” агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып Северодонецкти алдыргандан кийин украин аскерлери Лисичанск шаарынын чыгыш тарабынан коргонууну улантарын билдирди жана “Северодонецк жакта биздин аскерлер тактикалык орун алмашуу жүргүзүп жатышат. Алар тактикалык жактан ыңгайлуураак позицияларга кетүүдө” деп айтты.
Буданов Орусия Мариуполду жер менен жексен кылгандай тактикасын Северодонецкте да колдонуп жатканын, урандылар жана ээн талаа сыяктуу шартта коргонуу мүмкүн болбой калганын, ошондуктан украин аскерлери бийигирээк жакка барып коргонуу операциясын улантарын билдирди.
Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери анын толук талкаланган Мариуполдон кийинки чоң жеңиши Северодонецк болуп калды. Шаардын жетекчилиги ал жакта 10 миңдей жайкын тургун бар экенин, орус тарап өз комендантын дайындап жатканын билдирди.