Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:37 26.6.2022

Киевге жасалаган ракеталык чабуулдан кийин Шевченко районунда өрт чыкты. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, тогуз кабаттуу имарат өрттөнүп, үстүңкү үч кабаты жарым-жартылай күйгөн. Жабыркагандардын саны такталууда, өрттү өчүрүүгө 70ке жакын адам тартылганы кабарланды.

“Уранды астында кишилер болушу мүмкүн”, - деди Киевдин мэри Виталий Кличко. Куткаруучулар ураган имараттан жети жаштагы кызды жана апасын алып чыгышкан.

Киевдин борбордук бөлүгүндө төрт жерге чабуул болгону кабарланды. Соккунун максаты азырынча бүдөмүк. Орусиялык күчтөр бул боюнча комментарий бере элек. Кличко борбор шаарга жасалган чабуулду жекшембиде Германияда башталып жаткан "Чоң жетинин" саммити алдындагы Орусиянын украин бийлигин коркутуу аракети катары мүнөздөдү.

Киевге мындан үч апта мурун - 5 июнда ракеталык чабуул болгон. Андан алдын орус армиясы 28-апрелдин кечинде Киевге беш жолу ракета аткан. Алардын айрымдары аскердик объектилерге тийсе, калганы турак жайларды талкалап кеткен.

19:08 26.6.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку кайрылуусунда, Орусия басып киргенден берки Украина жоготкон бардык шаарларды кайра кайтарып аларын убада кылды. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европанын аймагындагы эң ири салгылашуу оор жоготуулар менен коштолгонун, бирок акыр-аягы жеңиш менен аяктарын айтты.

"Биз согуш дагы канчага созуларын, дагы канча жардыруу, канча жоготуу болорун, жеңишке жеткенче дагы канча аракет кылыш керегин айта албайбыз. Ири саммиттердин алдында атылган Орусиянын ракеталары - Орусияга салынган санкциялардын жетишсиздигин айгинелейт. Ал эми Украинага дагы кошумча аскердик жардам керек. Биздин өнөктөштөрдөгү заманбап абадан коргонуу системалары машыгуу полигондорунда же кампаларда эмес, Украинада болушу керек".

Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын Бавария аймагында өтө турган "Чоң жетинин" саммитине онлайн катышат. Ал дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнөн Украинага жардам сурашы күтүлүүдө.

10:25 27.6.2022

“Чоң жетинин” лидерлери, Германия. 26-июнь, 2022-жыл.
“Чоң жетинин” лидерлери, Германия. 26-июнь, 2022-жыл.

“Чоң жетинин” лидерлери Украинага аскердик колдоо улантыларын жана Орусияга каршы жаңы санкциялар салынарын убада кылды. АКШ президенти Жо Байден дагы бир жолу G7 өлкөлөрүн жана НАТОну биримдикке чакырып, Путин эртеби-кечпи союздаштардын ортосунда ажырым башталат деп үмүттөнүп жатканын белгиледи.

"Бирок мындай болгон жок жана болбойт",-деди Байден.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Франция президенти Эммануэль Макрон Украинадагы согуш өтө оор баскычка чыкканын, “согуштун нугун бурууга мүмкүнчүлүк бар” экенине токтолду.

15:17 27.6.2022

Украинанын аскердик командачылыгы дүйшөмбүдө эртең менен билдирүү таратып, орусиялык күчтөрдүн Одесса аймагына ракеталык чабуулунан бери дегенде 6 киши, арасында бир бала жабыркаганын кабарлады. Кеп каза тапкандар тууралуубу же жараат алгандар жөнүндө болдубу, аны тактаган эмес. Ракета калк жашаган районго атылганы, турак жайлар жана дыйкан чарбалар талкаланганы айтылат.

Бир күн мурун Киев Орусия дем алыш күндөрү соккуларын күчөткөнүн билдирген. Майдан тилкесинен алыс жердеги Львов, Хмельницкий, Житомир, Чернигов, Киев, Черкасы катуу аткыланган.

Бир нече жумага созулган айыгышкан кармаштан кийин Орусия Северодонецкини өз көзөмөлүнө алууга жетишти. Бул шаар жана анын жанындагы Лисичанск урандыга айланды. Украин бийлиги ал жерлерди кайтарып аларын айтууда. Бул үчүн президент Владимир Зеленский 27-июнда "Чоң жетинин" саммитине кайрылуу жасап, көбүрөк алдыңкы оор куралдарды жөнөтүүгө чакырат деп күтүлүүдө.

Жекшембиде Зеленский курал-жарак берүүнү кечиктирүүнү “Орусияга улам-улам сокку ура бергиле деген ишарат” деп сыпаттаган.

Германияда өтүп жаткан саммиттин декларациясынын долбоорунда “Чоң жетинин” лидерлери Украинага канча керек болсо, ошончо аскердик, гуманитардык, дипломатиялык жардам берүүнү уланта берери айтылат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

“Чоң жетиге” Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Япония жана АКШ кирет. Быйыл жыйынга Индонезия дана Индиянын өкүлдөрү чакырылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG