Британиянын Коргоо министрлиги Орусия Донбасста резервдеги аскерлерди согушка тартууну караштырып жатканын билдирди. Министрлик кеп жакында армияда кызматын аяктап, запаска кеткен аскерлер тууралуу жүргөнүн, аларга сыягы мобилизациялык резервде келишим сунуш кылынганын болжолдойт. Ал бөлүккө адатта орукта коопсуздукту камсыздоо жүктөлөт.
Орусиянын аскердик журналынын маалыматына караганда, былтыркы сентябрга карай Түштүк аскердик округда 38 миң кишиден турган резерв түптөлгөн. Сөз болгон округдун жоокерлери Донбасстагы кармаштарга активдүү катышууда. Мындан тышкары британдык мекеме Орусия Украинанын чыгышындагы бөлүктөрдү толуктоо үчүн акыркы беш жылда армияда кызмат өтөгөндөрдү тартууда деп эсептейт.
Аскерлер тартыш болуп жатканы менен орус бийлиги мобилизация жарыялоого шашылган жок.
Британ чалгынчылары орусиялык куралдуу күчтөр негизинен Северодонецк жана Лисичанск шаарларынын айланасында топтолуп турганын, Изюмга жакын жерде да согуштук аракеттерин күчөтүүгө даярдык байкалганын билдирди.
"Бул кошумча аскерлерди талап кылат, Орусия аларды тартууну баштады көрүнөт", - деп болжойт британ коргоо мекемеси.
Орусиянын президенти Владимир Путин согуш башталгандан бери биринчи жолу чет өлкөгө сапары менен чыгууда. Reuters өз кабарчысынын маалыматына таянып, ушул аптада орус мамлекет башчысы Тажикстан жана Түркмөнстанга аттанарын жазды.
Дүйшөмбү шаарында Путин тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүү өткөрөт. Андан кийин Ашхабадда Азербайжан, Казакстан, Иран жана Түркөмөнстан лидерлери менен Каспий саммитине катышат. Анын жүрүшүндөгү эки тараптуу жолугушуулар тууралуу суроого Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп берген жок.
Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухаммедов кызматка шайлангандан кийинки алгачкы сапары менен Москвага барган.
Буга чейин Путин июндун аягында Беларуска барары айтылган. Бирок Союздук мамлекеттин форуму онлайн өтөрү кийин белгилүү болду.
Орусия Украинага кол салгандан кийин бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ жана Канада Путинге өз аймактарына кирүүгө тыюу салган.
Украинанын Полтава облусундагы Кременчуг шаарындагы соода борборуна тийген Орусиянын ракетасынан кеминде 13 киши өлүп, 50 киши жарадар болду. Бул тууралуу облустук аскер администрация башчысы Дмитрий Лунин кабарлады.
Украина бийлиги орус күчтөрү аткан ракета “Амстро” соода борборуна тийип, имарат толук өрттөнүп кеткенин билдирди.
Зеленский Орусияны "террордук мамлекет" деп атады
"Орусия мамлекети дүйнөдөгү ири террордук уюмга айланды. Бул - факт. Эми бул юридикалык факты катары каралышы керек", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуусунда.
Зеленский ошондой эле Орусиянын мунайын сатып алгандар жана орус банктары менен мамилесин улантып, бул өлкөгө салык жана алым (пошлина) төлөп жаткандар "террористтерге акча берип жаткандар" экенин белгиледи.