Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:39 28.6.2022

Кременчуктагы соода борборуна урулган ракеталык соккунун кесепетинен 18 адам каза болду.

Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 59 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алардын 25и ооруканага жаткырылды.

Издөө-куткаруу иштери уланууда.

14:24 28.6.2022

НАТОнун лидерлери шейшембиде кезектеги саммитке чогулууда. Орусия Украинага кол салган учурда өтүп жаткан Мадрид жолугушуусу акыркы жылдардагы эң маанилүү жыйындардан болуп калмакчы. 27-июнда альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг эки күндүк саммитте Украинага жардамдын жаңы пакети макулдашыларын билдирген. Атап айтканда, дрондорго каршы системалар, күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу каралууда.

Украин президенти Владимир Зеленский жыйын катышуучуларына видеодон кайрылмакчы.

Түркиянын Швеция жана Финляндиянын аскердик блокко кошулушуна каршы чыгышы да маселе жаратууда. Столтенберг негизги жыйын алдында үч өлкөнүн лидерлери менен талкууга катышмакчы.

28-29-июнда өтүүчү саммитте Москваны “стратегиялык өнөктөш” деп атаган аныктама өзгөртүлмөкчү. Андай чечим 2010-жылы кабыл алынган.

Столтенбергдин айтымында, Мадридде стратегиялык концепциядан андай сөздөрдү алуу талкууланат.

Баш катчы ошондой эле Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу альянс ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн 300 миңге чейин көбөйтөрүн билдирген.

16:16 28.6.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Кременчуг шаарындагы соода борборун бутага алганын четке какты. Министрлик “АКШ жана Европадан келген курал-жарак, дары-дармек сакталган кампага таамай атуучу системадан” сокку урулганын, ал “жарылганда тутанган өрт иштебей турган соода жайына жайылганын” билдирди. Маалыматта карапайым адамдар арасындагы жоготуулар тууралуу айтылган жок.

Украин бийлиги жана күбөлөр соода борбору ачык турганын, ракета тийгенде ичинде миңдей киши бар болгонун билдирген. Кийин кардарлардын көбү аба соккусу тууралуу эскертүүнү укканда чыгып кетүүгө үлгүргөнү айтылды.

Толугу менен өрттөлгөн имаратта куткаруучулар иштеп жатат. Шейшембиде эртең менен 18 киши каза тапканы, 36 кишинин дайыны белгисиз болуп жатканы, ондогону жараат алганы маалымдалды.

Окуя болгон маалда Германияда саммит өткөрүп жаткан “Чоң жетинин” лидерлери ракета соккусун айыптап, “жарандык жайларды бутага алууну согуш кылмышы” деп атады.

"Орусия президенти Владимир Путин, бул үрөй учурган кылмыштын артында турган башка кишилер жоопко тартылууга тийиш”, - деп билдирген G7 лидерлери.

Көптөгөн далилдерге карабай, Орусия украин жергесиндеги жарандык объектилерди бутага албаганын кайталап келет.

13:50 29.6.2022

Бүгүн эртең менен орусиялык күчтөрдүн Николаевге урган ракеталык соккусунан үч киши каза болуп, беш киши жараат алды. Облустук администрациядан билдиришкендей, сокку көп кабаттуу турак жайга түшкөн.

Соңку күндөрү Николаевде күн сайын аткылоо болуп жатат. Шаардын мэри Александр Сенкевич буга чейин украин аскерлери баскынчы орус армиясынын бир бөлүгүн шаардан сүрүп чыгаргыча, калаа тургундарын Николаевден чыгып турууга чакырган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG