Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:52 29.6.2022

Бурятияда аскерлердин жубайлары жумурияттын жетекчиси Алексей Цыденовго видео кайрылуу жолдоп, күйөөлөрүн үйлөрүнө кайтарууну талап кылышты. Кайрылууну жаздыргандардын бири Вера Партилхаева "Сибирь.Реалии" редакциясына айтып бергендей, январда “машыгууга” жөнөтүлгөн аскерлер азыр Украинада жүрөт.

“24-февралдан бери алар атайын операцияга катышууда. Чаалыгып-чарчашты, моралдык жактан да алы жок калды. Бардыгы жеңил же орто контузия алган”, - деп айтышат аялдар.

13:53 29.6.2022

Зеленский БУУну Кременчугга өкүлдөрүн жөнөтүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришти же анын атайын өкүлүн Кременчуг шаарындагы соода борбору кабылган ракеталык соккунун кесепетин өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

Зеленский аларды чынында эле Орусиянын ракеталык соккусу болгонуна ынануу үчүн бардык керектүү маалыматтарды чогултуп кетүүгө үндөдү.

14:31 29.6.2022

Орусиянын күчтөрү Лисичанск шаарын курчоого аракет кылууда

Украин армиясы 29-июнда билдиргендей, Орусиянын күчтөрү Луганск облусундагы Лисичанск шаарын курчап алууга аракет кылып жатат.

Британиянын чалгын кызматынын шаршембиде жарыяланган маалыматына ылайык, 25-июндан бери орус армиясы Лугансктагы украин күчтөрү көзөмөлдөгөн акыркы шаарга түштүк тарабынан дагы эки чакырымга жакындады.

Лугансктын аскердик губернатору Сергей Гайдай Лисичанск тынымсыз аткыланып жатканын, шаардын айлана-тегерегинде аскердик активдүүлүк күчөгөнүн украин телеканалына билдирди.

15:05 29.6.2022

Херсондо Орусияга кошулуу боюнча референдумга даярдык жүрүп жатат

Украинанын Херсон облусундагы орус күчтөрү ээлеп алган аймактарда Орусияга кошулуу боюнча референдумга даярдык көрүлө баштаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Херсон облусунун Москванын жардамы менен дайындалган жетекчилеринин бири, жергиликтүү орусиячыл администрациянын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов Телеграм аркылуу билдирди.

"Биз референдумга даярданып жатабыз. Биз аны өткөрөбүз. Херсон облусу чечим кабыл алат жана Орусияга кошулуп, анын толук субъектине айланат", - деди Стремоусов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG