Николаевде орус күчтөрүнүн чабуулунан кеминде үч киши өлдү
Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында орус күчтөрүнүн 29-июндагы аба соккуларынан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. Шаардын мэри Александр Сенкевичтин айтымында, шаарга Орусиянын сегиз ракетасы түшкөн. Алардын айрымдары жайкын тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө да тийген.
Интернетке тараган сүрөттөрдөн төрт кабаттуу үйдүн үстүңкү бөлүгү жарым-жартылай талкаланганын, имараттан түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.
НАТО Швеция менен Финляндияны уюмга расмий чакырганы жатат
НАТО Швеция менен Финляндияны аскердик альянска расмий чакырганы жатат. Уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 29-июнда билдиргендей, бул чечим НАТОнун лидерлеринин Мадридде өтүп жаткан саммитинде кабыл алынмакчы.
"Чакыруудан кийин бул чечим 30 өлкөнүн парламентинде ратификациядан өтүшү керек. Ал ар дайым белгилүү бир убакытты талап кылат. Бирок мен жараян тез эле бүтөт деп ойлойм. Анткени өнөктөштөр ратификация жараянын мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырууга даяр", - деди Столтенберг.
АКШ Европадагы күчтөрүн бекемдеп, бул чөлкөмдөгү өнөктөш өлкөлөргө кошумча аскердик техника жөнөтөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 29-июнда НАТОнун Мадриддеги саммитинин алкагында аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, Испаниянын Рота шаарындагы америкалык аскердик кемелердин саны төрттөн алтыга көбөйөт. Польшада АКШ армиясынын 5-корпусунун туруктуу баш кеңсеси ачылат. Ошондой эле маал-маалы менен курамы алмашып туруучу бригада Румынияга жөнөтүлөт. Байден билдиргендей, бул бригаданын үч миңдей жоокери жана эки миң аскерден турган согуштук тобу болот.
"Биз Балтика өлкөлөрүндөгү алмашып туруучу күчтөрүбүздү бекемдейбиз жана кошумча F-35 эскадрильяларын Британияга жөнөтөбүз. Ошондой эле Германия менен Италияга кошумча абадан коргонуу системасын жана башка жабдыктарды жайгаштырабыз", - деди Байден.
Украинанын Лисичанск шаары бүгүн 30-июнда да орус армиясынын тынымсыз артиллериялык аткылоосуна кабылууда. Жергиликтүү бийлик Украинанын чыгыштагы акыркы ири таянычы болгон бул аймагы бомбаланып жатканын, орус аскерлери Донбасстын жүрөгү деп эсептелген бул өнөр жай секторун, Украинанын стратегиялык маанилүү шаарын ири калибрлүү куралдан улам аткылап жатканын билдирүүдө.
Өткөн аптада Москва украин күчтөрүнүн айыгышкан жана узакка созулган каршылыгына карабастан Лисичансктын жанындагы Северодонецк шаарын басып алган.
Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус армиясы Лисичанскка чабуулун улантып жатканын, калкы 100 миң Северодонецк шаарында азыр 15 миңдей жай тургун калганын, көбү коопсуз жактарга чыгып кетишкенин айтууда.