Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиздеги Змеиный аралынан аскерлерин чыгарып кеткенин 30-июнда жарыялады. Ал жактагы аскердик тапшырма аткарылып бүткөнүн жана гарнизон “жакшы ниетти көргөзүү үчүн” чыгарылганын мекеменин расмий өкүлү Игорь Конашенков айтты.
"Муну менен Орусия БУУнун Украинанын аймагынан айыл чарба продукциясын ташып өтүү үчүн гуманитардык коридор уюштуруу аракеттерине тоскоолдук жаратпай турганын дүйнөлүк коомчулукка көрсөттү", - деди ал.
Украинанын “Түштүк” ыкчам командачылыгы билдиргендей, орус тарап украин аскерлеринин соккуларынан кийин “Гарнизондогу калдыктарын шашылыш чогултуп, тез жүрүүчү эки катер менен чыгарып кетти. Азыр аралда өрт жана жарылуулар болуп жатат”.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын көпчүлүк бөлүгүн басып алуу планынан дагы эле баш тарта элек экенин 29-июнда АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Эврил Хэйнс билдирди.
Кошмо Штаттардын Соода министрлигинде өткөн конференцияда сүйлөп жатып ал "Биз Путинди карап, ал Украинага кол салган учурда кандай саясий максаттарды көздөгөн болсо, азыр деле ошондой абалда турганыбызды көрсөк болот” деген оюн айтты.
Хэйнстин айтымында, америкалык чалгын мекемесинде мындан аркы абал кандай болору жөнүндө үч негизги сценарий каралууда. Негизгиси – конфликт уланып, Орусия майда ийгиликтерге жетишет, бирок стратегиялык максаттарына жетпейт. Калган эки сценарий боюнча, Орусия масштабдуу түрдө алдыга жылат же фронтто туруктуулук пайда болуп, Украина айрыкча түштүктө кайсы бир ийгиликтерге жетишет.
Украинанын чыгышында Орусиянын чабуулдарынын жаңы толкуну башталды
Украинанын Лисичанск шаары бүгүн, 30-июнда да орус армиясынын тынымсыз артиллериялык аткылоосуна кабылууда.
Жергиликтүү бийлик Украинанын чыгыштагы акыркы ири таянычы болгон аймак бомбаланып жатканын, орус аскерлери Донбасстын жүрөгү деп эсептелген бул өнөр жай секторун, Украинанын стратегиялык маанилүү шаарын ири калибрлүү куралдан улам аткылап жатканын билдирип жатат.
АКШ Өзбекстандын Орусияга микросхема саткан ишканасына санкция салды
АКШ Өзбекстандагы Promcomplektlogistic компаниясын санкция салынган ишканалардын тизмесине кошту. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланганын 30-июнда “Озодлик” радиосу жазды.
Маалыматта айтылгандай, Мамдепартамент билдирүү таратып, быйыл 3-мартта АКШ коргоо өнөр жайы үчүн продукция сатканына байланыштуу орусиялык «Радиавтоматикага» каршы санкция киргизгенин, бирок Өзбекстандын Promcomplektlogistic компаниясы ага микросхема сатып, санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бергенин айтты.