Украин бийлиги 1-июлга караган түнү орусиялык аскерлер Одесса облусундагы Сергеевка шаар тибиндеги конушка ракеталык сокку уруп, андан 17 адам каза тапканын билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу үн ката элек.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, ракеталык соккудан Сергеевкадагы көп кабаттуу турак үйдө жашаган 14 адам жана үчөө эс алуу жайында мерт кетти.
"1-июль күнү саат бирлер чамасында Белгород-Днестровский районундагы шаар тибиндеги конушуна урулган ракеталык соккудан тогуз кабаттуу турак жай жарым-жартылай талкаланып, чакан дүкөн өрттөнгөн. Аткылоодон 30 киши жараат алган, алардын үчөө жаш балдар.
Теги кыргызстандык дагы бир аскер Украинада каза болгону кабарланды
Кыргызстандагы Орусиясынын элчилиги Украинадагы согушта теги кыргызстандык орус жараны Адилет Алиев Эмилбекович каза болгонун кабарлады. Маалыматка караганда ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн.
Буга чейин Украинада орус аскери катары теги кыргызстандык төрт адам (Эгемберди Дорбоев, Исломжон Камилов, Рустам Зарифулин, Сыргакбек Өзүбеков) окко учкан. Булардан башка согушка барган эки кыргыз жараны каза болгону ырасталган.
Улуу Британия Украина үчүн дагы 1,2 миллиард доллар бөлөрүн жарыялады
Улуу Британия Украинанын Куралдуу күчтөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн дагы 1,2 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыялады. Бул каражат украин армиясынын коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө, абадан коргонуу системаларын, учкучсуз учактарды, радиоэлектрондук күрөштүн заманбап техникасын жана аскерлер үчүн жабдык сатып алууга жумшалары айтылды.
Бүгүн 30-июнда Мадридде НАТО саммити алкагында Sky News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Орусиянын президенти Владимир Путиндин эгер Батыш өлкөлөрү Украинага курал берсе “кызыл чектен” өткөн болору тууралуу билдирүүсү жөн гана риторикалык сөз экенин, ал сөздү көңүлгө албастан украин тараптын жеңишке жетүүсүн колдоо үчүн бардык аракетти көрүү зарылдыгын айтты:
“Эгер биз аны кылбасак, келечекте Европанын коопсуздугу үчүн мындан да чоң коркунуч жаралат. Биз азыркы багытыбызды улантып, Украинаны колдошубуз жана Орусияга каршы санкцияларды сактап, Владимир Путиндин билдирүүлөрүнө көңүл бурбашыбыз керек. Биз үчүн жеринде болуп жаткан окуялар маанилүү”.
Украина Түркиядан буудай жүктөгөн орусиялык "Жибек Жолу" кемесин камакка алууну суранды
Украина Бердянск портундагы буудай жүктөгөн "Жибек Жолу" кемесин орусиялык күчтөр тартып алган деп эсептейт.
Ачык булактардын маалыматында кеме жума күнү кечинде Түркиянын Карасу шаарына жеткен.
Ага чейин Орусия дайындаган Запорожье облусунун башчысы Евгений Балицкий Бердянскиден 7 миң тоннадай буудай жүктөгөн кеме жолго чыкканын кабарлаган. Рейтер агенттиги кемеде Украина уурдалып кетти деп эсептеген 4,5 тонна буудай болгонун жазды.