Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:37 2.7.2022
  • 1-июлда Одесса облусундагы орусиялык аскерлердин эс алуу базасына жана турак үйгө урулган соккусунан 20 адам каза болгону кабарланды;
  • Орусиялык армия Лисичанскиге чабуул коюп, жергиликтүү мунайды кайра иштеткен заводдун жарымын ээлеп алганы белгилүү болду;
  • Украина 1-июлдан тарта Орусиянын жарандарына визалык режим киргизди.

21:26 2.7.2022

Украиналык аскерлер америкалык жапырт ок чыгаруучу HIMARS системасын колдонууда ийгиликке жетишкенин Пентагондун бийик даражалуу өкүлү билдирди.

"Атайын радиуска таамай тие турган системаны өздөштүргөн украиналыктар тандалган гана бутага атып, орусиялык күчтөрдүн шайын оодарып жатат", - деп белгиледи америкалык коргоо мекемесинин өкүлү.

Жума күнү кечинде Wall Street Journal атайын эксклюзив репортажды жарыялады. Анда акыркы эки жумадан бери төрт HIMARS жабдыгы колдонулуп жатканы кеп болот. Украиналык аскерлер Германиядан кыска мөөнөттө даярдыктан өткөн. Алардын айтымында, курал Донбасстагы Орусиянын артиллериясы турган аймактагы күчтөрдүн теңсалмактуулугун өзгөртүүдө. Орусиянын мындай куралы жок. Украиналык күчтөр он аскердик объектини, анын ичинде Изюмдагы орус армиясынын штабын талкалаган. HIMARSты атууга даярдоо 2-3 мүнөттүк убакытты алат. Системаны ракета менен аткандан кийин душмандын көзүнө илинбеш үчүн 20 секундда ордунан жылдырса болот. 155 миң доллар турган бул система ар бир соккунун алдында бутаны кылдат тандап, координатты так аныктай турган жөндөмгө ээ. Азырынча аны менен орусиялык штабдар, курал кампалары жана казармалар жок кылынууда.

Июль айында Украина HIMARS жабдыгынан дагы төрттү алышы керек. Германия менен Британия Украинага мындай системадан үчтү бергенге даяр экенин билдиришти. New York Times гезити америкалык аскер аналитиктеринин Украинага кармашта жеңишке жетүү үчүн алтымыштан жүзгө чейинки ок атуучу заманбап жабдык керек экенин айтышканын жазды.

21:40 2.7.2022

Украина тарап орусиялык маалымат каражаттарынын Лисичански курчоодо калганы тууралуу маалыматын четке какты. Шаар өлкө чыгышында жайгашкан Луганск облусундагы украин коргоо күчтөрүнүн акыркы чеби.

"Украин чындыгы" Улуттук гвардиянын спикери Руслан Музычуктун улуттук телемарафондогу сөзүн мисал кетирди. "Лисичанкиге жакын катуу кармаш болуп жатат, бирок шаар курчоого алынган жок жана украин аскерлеринин көзөмөлүндө".

Буга чейин Орусиянын ТАСС агенттиги жикчилдер байырлаган "ЛЭРдин" өкүлүнө таянып, Лисичанск шаары толугу менен курчоодо экенин жазган.

21:44 2.7.2022

Донецк облусундагы Славянск шаарын орусиялык күчтөр чачыратма снаряддар менен атып, андан төрт адам каза таап, жетөө жарадар болду. Бул тууралуу аскер-администрациясынын өкүлү билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG