Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:44 3.7.2022

Украина бийлиги Луганск облусундагы украин армиясынын акыркы таянычы болгон Лисичанск шаары орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнү тууралуу маалыматты четке какты.

"Украинская правда" басылмасы Улуттук гвардиянын спикери Руслан Музычуктун сөзүнө таянуу менен Лисичанскинин жанында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын, шаар украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 2-июлдун кечиндеги маалыматында орус аскерлери Лисичанск шаарынын жанындагы Верхнекаменкада турганы кабарланды. Ошол күнү эртең менен Башкы штаб орус аскерлери Верхнекаменкага жакын жерде Лисичанскини көздөй баратканын, бирок майнап чыкпай, артка чегингенин билдирген.

Ишемби күнү орусиялык бир катар мамлекеттик басылмалар Лисичанк орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн жазышкан.

Соңку күндөрү бул шаарда катуу кармаш жүрүп жатат. Эгер Орусия аны басып алса, анда иш жүзүндө Украинанын Луганск облусуна толук көзөмөлүн орноткон болот.

17:20 3.7.2022

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 3-июлда президент Владимир Путинге Украинанын чыгышындагы Луганск облусун толук "бошотушканын" билдирди. Ал орус аскерлери соңку жумаларда салгылаш жүрүп жаткан Лисичанск шаарын өз карамагына алганын кошумчалады.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус күчтөрү шаардагы "өз позицияларын бекемдеп жатышканын" жазды. Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 2-июлдун кечинде орус аскерлери шаарда "кооптуу кырдаал" жаратып жатышканын билдирген.

Апрель айында орус армиясы украин баш калаасы Киев жана анын тегерек четинен чегинип, болгон күчүн өлкө чыгышына бурган. Дээрлик бир айга созулган айыгышкан салгылашуудан кийин орус армиясы июнь айынын соңунда Северодонецк шаарын басып алган. Согушка чейин 100 миңдей адам жашаган шаар дээрлик толугу менен урандыга айланды.

Ал арада Орусиянын Украина менен чектешкен аймакта жайгашкан Белгород шаарынын бийлиги түнкү чабуулдардан үч киши мерт кетип, ондогон имараттар талкаланганын 3-июлда билдирди.

Телеграмдагы каналына жазган билдирүүсүндө облус губернатору Вячеслав Гудков окуяны "украин тараптын агрессиясы" катары мүнөздөдү.
Орусия Украинага кол салганы Белгороддо бир нече ирет аткылоо болгону кабарланган. Киев алар үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алган эмес.

10:14 4.7.2022

Украин армиясы Луганск облусунун Лисичанск шаарында ээлеп турган позициясынан чегингенин 3-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим “оккупациялык аскерлердин артиллерия, авиация, реактивдүү системалар, ок-дары жана жеке курам жагынан эселеп көп болуп жаткандыгына байланыштуу” кабыл алынды.

“Шаарды коргоону уланта берүү өтө оор кесепеттерге алып келмек. Биз кайтып барабыз жана сөзсүз утабыз” деп айтылды Башкы штабдын билдирүүсүндө.

Лисичанск Украина Луганск облусунда көзөмөлдөп турган акыркы шаар болчу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 3-июлда президент Владимир Путинге Украинанын чыгышындагы Луганск облусун толук "бошотушканын", Лисичанск шаарын өз карамагына алышканын билдирген.

Соңку күндөрү Северский Донец дарыясынын боюндагы Лисичанск Орусиянын тынымсыз ракеталык аткылоосуна кабалып жаткан. Андан мурдараак украин күчтөрү Лисичансктын тушунда, дарыянын аркы бетинде жайгашкан Северодонецк шаарын алдырышкан. Орус армиясы бул шаарды да толук талкалоого жетишкен.

Лисичанск шаары Москва үчүн Донбасстын өнөр жай борборуна ээлик кылуу үчүн салгылашууда негизги аймак катары аталып жаткан.

13:49 4.7.2022

4-июлда ондогон мамлекеттердин лидерлери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Украинаны калыбына келтирүүнүн жол картасын түзүү максатында Швейцариянын Лугано шаарына чогулат. Эки күндүк жыйынга Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль жана Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да барары күтүлүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жыйынга онлайн катыша турганы белгилүү болду. Ал баскынчылардан бошотулган аймактарды калыбына келтирүү үчүн эбегейсиз эмгек зарыл экенин эскертти.

"Бир гана баскынчылар талкалаган аймактарды калыбына келтирбестен, коопсуз, заманбап, баардык шарттары бар жашоого негизи түзүү керек",-деди Зеленский 3-июлдун кечинде жасаган билдирүүсүндө.

Украинанын кыйраган инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн 100 миңдеген евро керек. Жыйын Лугано декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталары күтүлүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG