Казакстан "Жибек Жолу" кемесин ижарага алган орусиялык компания менен келишимди үзүшү мүмкүн. Бул тууралуу шейшембиде "Атамекен Бизнесс" басылмасы маалымат таратты.
"Эгер Казакстанда жана эл аралык укукта белгиленген нормаларга туура келбеген иш-аракет жасалса, анда келишим бузулуп, жүк ташыган кеме кайтарылып берилет" деп билдирди Казакстандын өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Хайырбек Ускенбаев өкмөт жыйынында.
Улуу Британия Беларуска каршы жаңы санкция жарыялады
Улуу Британиянын өкмөтү Беларуска жана бул өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенконун режимине каршы экономикалык, соода жана транспорт санкцияларынын жаңы пакетин киргизерин жарыялады. 4-июлдагы билдирүүсүндө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияга каршы кабыл алынган айрым маанилүү чаралар Беларуска да колдонуларын, жаңы чектөөлөр 5-июлдан тартып иштей баштаарын айтты.
Көптөгөн беларус компанияларына баалуу кагаздарын Лондондон басып чыгарууга, дүйнөлүк класстагы каржы кызматтарынын Улуу Британиядагы сектору менен кызматташууга чектөө коюлары белгилүү болду.
Путин Украинанын чыгышында чабуулдарды улантууга буйрук берди
Кремл Луганск облусун көзөмөлдөө толук бойдон алардын колуна өткөнүн жарыялагандан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн аскерлерине Украинанын чыгышында чабуулдарды улантууга буйрук берди.
Ал орус аскерлери буга чейинки коюлган планды ишке ашырууга милдеттүү экенин, Луганск облусун кандай басып алышкан болсо, ошондой аракеттерин улантышы керектигин 4-июлда билдирди.
Украин армиясы Луганск облусунун Лисичанск шаарында ээлеп турган позициясынан чегингенин 3-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий билдирген.
Украинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды
Украинаны Орусиянын кол салуусунан кийинки калыбына келтирүү иштерине 750 миллиард доллар талап кылынары 4-июлда Швейцариянын Лугано шаарында өтүп жаткан ири эл аралык саммитте айтылды.
Украин премьер-министри Денис Шмыгаль талкаланган шаарларды жана алардын инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча үч этаптан турган планды ишке ашыруу үчүн каражат катары биринчи кезекте орусиялык олигархтардын конфискацияланган активдери жумшалышы керектигин белгиледи.
Алардын жалпы суммасын украин өкмөтүнүн башчысы 300-500 миллиард доллар деп баалады.