Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүнүн Москванын мизин кайтарууга кубаты жетиштүү экенин билдирди. Андан мурда Орусиянын лидери Владимир Путин өз армиясына Украинанын чыгышын басып алууну улантууну буйруган.
Зеленский 4-июлдун кечинде билдиргендей, украин армиясы Лисичанскиден чегингенине карабастан, өлкө чыгышында аскердик аракеттерин улантууда.
"Биз алардын мизин кайтарышыбыз керек. Бул оор маселе. Ал убакытты жана болуп көрбөгөндөй аракетти талап кылат. Бирок биздин андан башка альтернативабыз жок", - деди украин лидери.
Жапония Орусиядан алтын импорттоого тыюу салды
Жапония Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу санкциялардын жаңы айлампасын киргизди. Ага ылайык, орус алтынын импорттоого тыюу салынды. Ошондой эле орусиялык 57 адамдын жана компаниянын активдери камакка алынды. Алардын арасында вице-премьер-министр Дмитрий Григоренко, виолончелист Сергей Ролдугин да бар. Андан тышкары Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын баскынчы бийликтерине каршы санкция салынды.
Жаңы чектөөлөр жапониялык компанияларга Орусияга бухгалтердик, аудит, консалтинг кызматтарын көрсөтүүгө тыюу салат.
Финляндия менен Швеция НАТОго кошулуу протоколуна кол койду
Финляндия менен Швециянын тышкы иштер министрлери 5-июлда аскердик альянстын Брюсселдеги баш кеңсесинде протоколго кол коюшту.
Эми бул документти НАТОго мүчө бардык 30 мамлекет ратификациялашы керек.
"32 өлкө менен биз дагы күчтүүрөөк болобуз. Соңку он жылдагы коопсуздук жаатындагы эң чоң кризиске туш болуп жаткан маалда элибиз дагы коопсузураак болот", - деди Столтенберг.
5-июлда ондогон мамлекеттер Украинаны калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу милдеттенме алышты. Швейцариянын түштүгүндө жайгашкан Лугано шаарында өткөн эки күндүк жыйындын соңунда 40тай мамлекеттин лидерлери Украинаны калыбына келтирүү планы жазылган Лугано декларациясына кол коюшту.
Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана Жапония Украинага кол салганы үчүн Орусияны кескин айыптап, Москваны токтоосуз аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышты.