Донецк облустук аскердик администрациясынын жетекчилиги Украинанын чыгышында калган жайкын тургундарды тез арада коопсуз аймактарга кетүүгө чакырууда. Ал жактагы бир нече шаарда жана Украинанын башка да аймактарында орус армиясынын чабуулу күчөгөндүктөн администрация башчысы Павел Кириленко эвакуация жайкын тургундардын өмүрүн сактап калуу жана украин аскерлерине Орусиядан коргонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн керек болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта Донецкиде 350 миңдей жайкын тургун бар.
Кириленко белгилегендей, аймак жайкын тургундардан бошосо украин аскерлерине баскынчыларга каршы аракеттерин жакшыртууга шарт түзүлөт.
Орусия армиясы Славянск шаарындагы базарга сокку урду
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Чоң Жыйырманын" жыйынында деңиз жолдорун ачуу үчүн Орусияга кысымды күчөтүүгө үндөмөкчү. Уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 8-июлда Балиде жолугушат. Шаршембиде Азия сапарына аттанып жаткан Блинкен Кытайдын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Ван И менен кездешет. Маалыматка караганда, Вашинггтондун өкүлү Бээжинге Орусиянын согуштук аракеттерин колдобоо эскертүүсүн кайталоону көздөйт. Бирок орусиялык министр Сергей Лавров менен жолугушуу каралган эмес.
Мамкатчынын жардамчысы Рамин Толуинин айтымында, Блинкен энергетикалык коопсуздук маселесин, БУУнун Украина жана Орусия экспорттогон азык-түлүк, жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко кайтаруу демилгесин козгомокчу.
Орусия күчтөрү оккупациялаган Херсондо имарат өрттөндү
Имараттын өрттөнүшү боюнча эки тарап тең расмий билдире элек. Херсон облусунун губернаторунун кеңешчиси Сергей Хлань орусиялык армиянын кампасы өрттөнгөнүн билдирди. Бирок согуш маалында бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоо кыйын.