Донецкинин орус аскерлери оккупациялаган аймагында мунай базасы өрттөндү
Жергиликтүү басылмалар Донецкинин бир канча районунда жана ага коңшу Макеевкада аткылоолор болгонун, анда эки бала мерт кеткенин жазды.
Орусия Украинага кол салгандан берки согуштук аракеттерде 17 журналист мерт кетти, 24ү жарадар болду. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет билдирди.
Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, бери дегенде жетөө аткылоолор малында окко учкан, алардын бешөө болжол менен орусиялыктардын соккусунан каза тапкан. Дагы беш журналист кармаштар жүрүп жаткан аймактарда набыт болду. Аларга ким кол салганы аныкталган эмес. Дагы бир кабарчыны орусиялык аскерлер уурдап кетип, кыйнашкан. Бошотулгандан көп өтпөй ал көз жумган. Жапа чеккен төрт журналист кесибине байланыштуу куугунтукталганын айтып берген.
Зеленский Батыш берген артиллерия чоң натыйжа көрсөтө баштаганын айтты
Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрү берген артиллерия орус аскерлерине каршы согушта чоң натыйжа көрсөтө баштаганын 7-июлга караган түнкү видео кайрылуусунда билдирди.
Ал согуш талаасындагы абал тууралуу “Батыштын артиллериясы, өнөктөштөрүбүз берген курал-жарак эң мыкты натыйжа көрсөтө баштады” деп, жаңы техника жогорку деңгээлдеги тактыкта иштеп жатканын айтты.
Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы арзандады
Мунайдын бир баррели дүйнөлүк рынокто апрелдин аягынан бери биринчи жолу 100 доллардан төмөн түштү. Эксперттер муну рецессия ыктымалдыгынын жогорулашы жана кара майга талаптын азайышы менен түшүндүрүшөт.
Мунайдын Brent маркасы шаршембиде 3 пайызга арзандап, бир баррели 99 доллар 61 центке сатылып жатты. АКШда өндүрүлгөн мунай 98 доллар 63 центке бааланды. Бир ай мурун анын бир баррели 120 долларга сатылып келген.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Кошмо Штаттар жана өнөктөштөр орусиялык мунайдын баасын чектөө демилгесин талкуулап жатышат. Бир баррелин 40-60 долларга түшүрүү менен Москванын экспорттон түшкөн кирешесин азайтууну максат кылышат. Ошол эле маалда дүйнөлүк кардарлар орус мунайын алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырабайт.