Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:16
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:55 7.7.2022

Украин күчтөрү бир канча багытта алдыга жылып жатат

Донбасс облусунун Славянск жана Бахмут шаарларынын айланасында айыгышкан кармаштар жүрүүдө. Жергиликтүү бийлик элди эвакуацияланууга үндөгөн.

Донецк облусунун администрация башчысы Павел Кириленко Авдеевкада эки киши окко учканын билдирди. Славянск, Красногоровка жана Курахово деген жерлерде 6-июлда бирден карапайым киши мерт кеткени кабарланды.

Украин куралдуу күчтөрү ушу тапта бир нече багытта, анын ичинде Херсон жана Запорожьеде алга жылып жатат. Президент Владимир Зеленский Батыш өнөктөштөрдөн келген артиллериялык жабдуулар майданда өз жемишин бере баштаганын билдирди.

17:56 7.7.2022

Литвалыктар акча топтоп алып берген Bayraktar дрону Украинага жөнөтүлдү. 6-июлда Шауляйдагы аскердик аэродромго пилотсуз учакты көрүү үчүн миңдеген литвалык чогулду. “Ванагас” (Карчыга) деп аталган дронго Литва менен Украинанын желектери жана гербдери түшүрүлгөн.

"Албетте, мындан согуштун жүрүшү өзгөрүп кетпейт. Бирок бул Литва элинин украиналыктарга тилектештигинин символикалык ишараты болуп калды. Бизден кийин украин жарандары өздөрү да акча чогултуп, түрк компаниясынан дагы үч дрон сатып алуу демилгесин көтөрүшкөн", - деп айтты Литванын коргоо министри Арвидас Анушаускас.

Литвалыктар дрон сатып берүү үчүн май айында дээрлик 6 миллион евро чогултушкан. Айрымдары 50, 100 евродон жөнөткөн. Түрк компаниясы ал акчаны Украинадагы гуманитардык максаттарга жумшагыла деп айтып, аппаратты бекер берген.

13:47 8.7.2022

Финляндия Орусия менен чек арасына тосмолорду тургузат

Финляндия Орусия менен чек арасын бекемдөөгө киришет. Андай уруксатты өлкө парламенти 7-июлда жактырды. Эми кошуна өлкө менен 1 миң 300 чакырымдык чек арада тосмолорду тургузуп бекитүүгө жол ачылды.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Хельсинки ондогон жылдарга созулган бейтараптуулук макамынан баш тартып, НАТОго кошулуу чечимин кабыл алган.

Жаңы жобого ылайык, ошондой эле аэропорт же башка чек ара пункттарында башкалка сурагандардын кагаздарын кароо чектелмекчи.

13:48 8.7.2022

Путин Орусия Украинада олуттуу эч нерсе баштай да электигин айтты

24-февралда Украинага кол салган Орусиянын президенти Владимир Путин 7-июлда Мамлекеттик Думанын фракция башчылары менен жолугушууда Орусия жалпысынан алып караганда азырынча олуттуу эч нерсе баштай да электигин айтты. Согуштун айынан миңдеген украиналык жайкын тургун, анын ичинде балдар каза болду, миллиондогон украиналык азыр ар кайсы өлкөлөрдө качкын болуп жүрөт, эки тарап тең миңдеген аскерлеринен айрылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG