Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:52
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:49 8.7.2022

Киев Улуу Британиянын жардамы улана берерине үмүттөнөрүн билдирди

Украина Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун кызматтан кеткени тууралуу жаңылыкты кейип кабыл алганын украин президентинин кеңсеси 7-июлда билдирди. Билдирүүдө Киев Жонсон Украинага көрсөтүп келген колдоо мындан ары да улана берерине үмүттөнөрү белгиленип, «Улуу Британиянын колдоосу улана береринен күмөнүбүз жок, бирок сиздин жеке лидерлигиңиз жана харизмаңыз ал колдоону өзгөчө кылып турчу эле» деп айтылды.

7-июлда эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, Жонсон Украинанын президенти Владимир Зеленскийди баатыр деп атады жана Улуу Британияда Украинаны колдой турган ички партиялык бекем багыт бар экенин айтты.

14:03 8.7.2022

Луганск облусунун орус аскерлери көзөмөлдөп жаткан Северодонецк шаары гуманитардык катастрофа каптаганы турат. Шаарда борбордук суу, газ жана электр каналдары иштебей жатат.

"Канализация негизги көйгөй болуп турат. Насостук станция сыяктуу тазалоочу түзүмдөр иштебей жатат. Саркынды суулар топтолуп калды. Буга эшикте ысык аба ырайын да кошуп элестетип көргүлө. Ошондой эле короолордо көмүлгөндөрдүн, сөөгү көп кабаттуу үйлөрдө, подьезддерде калгандардан жагымсыз жыттар чыгып жатат. Северодонецкини гуманитардык катастрофа каптай баштады", - деди облус жетекчиси Сергей Гайдай.

14:25 8.7.2022

Орус аскерлери Изюмдун түштүк-чыгышынан Славянскини көздөй илгерилөө аракетин улантууда. Бул жүрүш аларга Барвенковонун түштүк-чыгышынан Славянскиге же Краматорскиге карай чабуул жасоого шарт түзүп бериши мүмкүн. Ошондой эле орус күчтөрү Северскиден түштүк-чыгыш тарапка бир аз жылыш жасашты жана Лисичанск аймагынан батыш тарапка сокку урууну улантышты. Операциялар Бахмуттун түштүгүндө жана чыгышында да уланууда. Алардын Харьковдун түндүгүндөгү чабуулдары ийгиликсиз болуп жатканы белгилүү болду.

Өткөн суткада орус аскерлери Донецк облусунун Авдеевка шаарына кеминде он жолу катуу аткылады. Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленконун айтымында, соккулар жарандык объектилерге, анын ичинде турак жайларга да тийип, өрттөнгөн имараттар да бар.

15:22 9.7.2022

Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай орус аскерлери Украинанын чыгышында коңшу Донецк облусунун түпкүрүнө өтүүгө таптакыр мүмкүнчүлүк бербей жатышканын, душмандын мурда жарыяланган тыныгуусунан кабар да жок экенин 9-июлда билдирди. Анын айтымында, украин күчтөрү орус аскерлеринин соккуларына фронттун бүтүндөй тилкеси боюнча каршы турууга мажбур болуп жатышат.

Лисичанск шаарын басып алгандан кийин орус аскерлерине эс алуу керек экенин жакында Орусиянын президенти жана коргоо министри билдиришкен. АКШнын Согушту изилдөө институту мындай “ыкчам тыныгуу” кийинки чабуул алдындагы тыныгуу болушу мүмкүн экенин белгилеген.

"Бир катар жактардан чабуул жасап жатышат. Аралап өтүүгө ыңгайсыз жерлерди алар туш тараптан аткылап, кадимки тозокко айландырууда" деген Гайдай орус аскерлери украин аймагын мурдагыдай эле ылдамдыкта аткылап жатышканын белгиледи жана “Биздикилер эрдик менен туруштук берүүдө” деп кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG