Углегорск жылуулук электр станциясына чабуул
Орусиялык армия өткөн суткада Луганск облусундагы Углегорск жылуулук электростанциясын алууга аракет кылды. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады. Маалыматта чабуулдун мизи кайтарылган.
Донбасстагы фронттун башка участокторунда орусиялык аскерлер алдыга жылууга аракет кылууда. Айрыкча Краматорск багытындагы Григорьевка кыштагында абал оор. Славянск шаарынын чек жакасында да тынымсыз аткылоолор болуп жатат.
Ок атышуу Бахмут, Авдеевка жана Запорожье облусунда да болууда. Украинанын түндүк-чыгышындагы Чернигов жана Сумы облустарындагы украин аскер бөлүктөрүнө Орусия тараптан ок атылган.
Херсон облусунун жашоочулары аймактан чыгып кетиши керек же жаңы куралдуу кармаштарга даярданганы оң. Бул тууралуу 9-июлда Херсон облустук кеңешинин төрагасынын орун басары Юрий Соболевский билдирди.
Улуттук телемарафондун эфиринен ал эртең менен Херсондо жарылуу болгонун айтты. Анын айтымында, орусиялык ок-дары сактаган кампа күйгөн.
Соболевский акыркы учурда орусиялык армия басып алган аймакта жарылуулар болуп жатканын белгилеп, жашоочуларды эвакуацияга даярданууга чакырды.
"Мен оор экенин түшүнөм. Бирок жашынууга жай, суу, тамак камдап алууга туура келет. Биздин балдар хирургдардай этият иштейт деп ишенем, ар бир өмүрдү сактап калуу керек", - деди Соболевский.
Николаевге жаңы сокку
Орусиялык аскерлер Николаевге алты ракета атканын облустук аскер администрациясынын жетекчиси Виталий Ким билдирди.
Улуу Британияга украиналык жоокерлердин алгачкы тобу келди. Жаңы аскердик программа боюнча жакынкы айларда 10 миң украиналык аскер окуудан өтөт. Украинанын коргоо министри Бен Уоллес өлкөгө келген аскерлерге жолугуу үчүн барганы маалым болду.
Өлкөнүн өкмөтүнүн сайтында программа Орусиянын агрессиясына каршы согушуп жаткан Украинаны колдоо милдетинин бир баскычы экени жазылган.
Курс бир нече жумага созулат. Жоокерлер анда негизинен заманбап куралдар менен иштөөнү үйрөнүшөт.