Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Украинаны калыбына келтирүү тууралуу декларация кабыл алынды


Луганодогу жыйындын катышуучулары. 5-июль, 2022-жыл.
Луганодогу жыйындын катышуучулары. 5-июль, 2022-жыл.

5-июлда ондогон мамлекеттер Украинаны калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу милдеттенме алышты. Швейцариянын түштүгүндө жайгашкан Лугано шаарында өткөн эки күндүк жыйындын соңунда 40тай мамлекеттин лидерлери Украинаны калыбына келтирүү планы жазылган Лугано декларациясына кол коюшту.

Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана Жапония Украинага кол салганы үчүн Орусияны кескин айыптап, Москваны токтоосуз аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышты.

Киев менен кошо конференцияны уюштурууга көмөктөшкөн Швейцариянын президенти Игнацио Кассис декларацияны "Украинаны калыбына келтирүүдөгү негизги кадам" деп кубаттады.

Киевдин эсебинде бул үчүн 750 миллиард доллар керектелиши мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG