Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Еврокомиссия Украинага Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамын берүүнү сунуштады


Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Брюссель, Бельгия. 17-июнь, 2022-жыл.
Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Брюссель, Бельгия. 17-июнь, 2022-жыл.

Европа комиссиясы Украинага Европа Биримдигинин (ЕБ) мүчөлүгүнө талапкер макамын берүү тууралуу сунушун Европа Кеңешине жөнөттү. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 17-июнда атайын басма сөз жыйынында жарыялады.

“Биз Украинада өтө маанилүү реформалар өткөрүлүшү зарыл экенин белгилөө менен ага талапкер макамын берүүнү сунуштайбыз. Украина европалык баалуулуктарга жана стандарттарга ыктай турганын так көрсөтө алды. Европа Биримдигине алып барчу жолун согушка чейин баштаган”,-деди ал.

Европа Кеңеши Украинанын ЕБдин мүчөлүгүнө кирүү арызын 23-24-июндарда карайт.

Евробиримдикке талапкер макамын мындан сырткары Молдовага да берүү сунушталды. Еврокомиссия бир катар талаптарды аткарганга чейин Грузияга макам берүүнү жактаган жок. Буга чейин комиссия аталган үч өлкөнү тең сунуштайт деп кабарланып жаткан.

16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү колдой турганын билдиришти. Ага чейин Украинанын борборуна Урсула фон дер Ляйен да келип кеткен.

28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арыз жазган. 3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова кайрылган.

Эгерде Украинага “кошулууга талапкер” макамы берилсе, анда өлкө уюмдун толук мүчөсү болушу үчүн анын талабына ылайык көптөгөн реформаларды өткөрүшү керек. Андан кийин уюмга мүчө 27 мамлекеттин баарынан бир добуштан колдоо алышы керек. Мурдараак Bloomberg басылмасы өз булактарына таянуу менен аны Евробиримдикке кошууга Дания менен Нидерланд каршы чыгып жатканын жазган. (ErN)

XS
SM
MD
LG