Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

AP: Орусия "Азовсталда" мерт болгон украин аскерлеринин сөөгүн өткөрүп бере баштады


Мариуполдогу "Азовсталь" заводу, 15-май 2022-жыл.
Мариуполдогу "Азовсталь" заводу, 15-май 2022-жыл.

Орусия Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунун айланасында мерт болгон украин аскерлеринин сөөгүн өткөрүп бере баштады. Бул тууралуу Associated Press (AP) жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, ондогон аскердин сөөгү Киевге жеткирилип, алардын тек-жайын аныктоо иши жүрүп жатат. Бул маалыматты "Азовсталда" мерт болгон жакындарынын сөөгүн өткөрүп алган адамдар ырасташкан.

Азырынча Киев да, Москва да комментарий бере элек. Орус күчтөрү көзөмөлүнө өткөн Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунда канча украин аскери каза тапканы тууралуу так маалымат жок.

Заводду коргоо учурунда"Азов" полкунда кызмат өтөгөн кеминде 52 аскер набыт кеткени тастыкталганын аталган полктун басма сөз катчысы Анна Головко Associated Press агенттигине айтты.

2-июнда Киев менен Москва урушта каза тапкан 160 адамдын сөөгүн алмашканы тууралуу маалымат тараган.

Мариполдогу "Азовсталь" заводун дээрлик эки айдан ашык коргоп берген украин аскерлеринин алгачкы бөлүгү өндүрүштүк жайдын аймагынан чыга баштаган. 6-июнда украин президенти Владимир Зеленский өндүрүштүк жайды коргоп келген 2,5 миңдей аскердик кызматкерди орус күчтөрү камакка алганын айткан. Ал украин аскерлерин мекенине кайтаруу үчүн бардык аракет көрүлөрүн белгилеген.

Орус тарап азырынча алмашуу тууралуу сөз кыла элек. Айрым орусиялык депутаттар "Азовсталды" коргогон украин аскерлерин сот жообуна тартуу демилгесин көтөрүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG