Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:59 13.7.2022

Сурамжылоо: Орусияда согуштун токтошун колдогон жаштар басымдуу

Сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 30 пайызы Украинадагы согуштун "болушунча эрте токтошун" колдогон. Алардын 24 жашка чейинкилеринин 56 пайызы да ушул тандоо менен макул болгон. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы Бүткүл орусиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун изилдөөсүнө таянып жазды. Сурамжылоо Орусиянын президентинин администрациясынын буйрутмасы менен даярдалып, июль айынын аягында жүргүзүлгөн. Бирок борбор расмий маалыматтарын бөлүшкөн да, бул боюнча комментарий да берген эмес.

"Медуза" жазгандай, суралгандардын 57 пайызы согушту "дароо токтотуунун кажети жок" дешсе, калган 13 пайызы так жооп берген эмес. Согуштун токтотулушун жактаган орусиялыктардын басымдуусу 25-34 жаштагылар. Бирок "атайын операциянын" уланышын жактаган 72 пайыз адамдар 60 жаштан өткөндөр болгон.

15:35 14.7.2022

АКШнын президенти Жо Байден Израилге барды

Байден Иерусалимде эки күн болот, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги талаш аймактарга барат жана анда Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен жолугат.

Кошмо Штаттардын президенти израилдик кесиптештери менен чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыз кылуу, Жакынкы Чыгыштагы эл аралык саясат, Ирандын позицияларына байланышкан маселелерди талкуулайт. Мындан сырткары Украинага көмөктөшүү жана Орусиянын агрессиясына каршы туруу темалары да күн тартибинде бар.

15:35 14.7.2022

ЕБдеги беш өлкө Босния-Герцеговинага талапкер макамын берүүнү сунуштады

Европа Биримдигиндеги (ЕБ) беш өлкөнүн - Австриянын, Венгриянын, Чехиянын, Словакиянын жана Словениянын тышкы иштер министрлери Босния жана Герцеговинага уюмга кошулууга талапкер макамын берүүнү сунуштады.

“Биздин өлкөнүн өкмөттөрү Батыш Балкан Евробиримдик үчүн маанилүү экенин көрсөткүбүз келет”,- деди 13-июлда Будапешттеги биргелешкен билдирүүдө Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG