БУУ: Украинадан 9 миллиондон ашуун адам чыгып кетти
Орусиянын баскынчылыгы менен согуш башталгандан бери Украинадан 9 миллиондон ашуун адам коопсуз жактарга баш калкалоо үчүн чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги маалымдады.
Украин качкындарын кабыл алууда Евробиримдик өлкөлөрүнөн Польша алдыда.
11-июлга карата Польшада 1 млн. 221 миң 596 украин качкыны баш калкалап турат. 900 миңге чукул качкын Германияда. 391 миңге чамалуусу Чехияда, 150 миңдей украиналык качкын мекениндеги согуштан улам Түркия менен Италияда жашоого аргасыз. 80 миңден ашуун адам Молдова, Румыния жана Словакияда убактылуу жашап жатат.
Евробиримдик Орусиянын Калининград облусуна товар өткөрүүгө уруксат берди
Европа Комиссиясы Орусиянын Калининград облусуна Евробиримдиктин аймагы аркылуу автоунаа менен жүк ташууга гана тыюу салынганын, темир жол аркылуу товар жеткирүү текшерүүдөн кийин аткарыла берсе болорун жарыялады. Аскердик жүктөрдү жана курал-жарак багытындагы товарларды транспорттун бардык түрлөрү менен алып өтүүгө болбойт.
Орусиянын бийлиги Еврокомиссиянын чечимдерине комментарий бере элек. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова мекеме азырынча жарыяланган документти изилдеп бүтө электигин айтты.
Украина жикчилдерди тааныган Түндүк Корея менен мамилесин үздү
Украина өлкө чыгышындагы жикчил түзүмдөрдү көз карандысыз республика катары тааныганы үчүн Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилесин үздү. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Мекеме Пхеньяндын аракетин Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу катары баалады. Алар менен экономикалык жана саясий байланыштар буга чейин Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу салынган санкциялардын алкагында эле токтогон.
Орус күчтөрү Украинанын Винница шаарында офицерлердин үйүнө жакын жайгашкан кеңсе имаратына ракеталык сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик жана Украинанын улуттук полициясы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча сегиз адам каза болуп, 30 киши жараат алган. Аткылоонун кесепетинен имараттарга олуттуу зыян келтирилип, токтоп турган ондогон унаалар күйүп кеткен.