Грекиянын түндүгүндө ишембиде кечинде АН-12 үлгүсүндөгү украиналык учак кыйрады. Баштапкы маалыматка ылайык, анда сегиз адам болгон жана баары мерт болду. Украинанын Тышкы иштер министрлиги кырсыкта курман болгондор украин жарандары экенин ырастады.
Учак Сербиядан 11,5 тонна аскердик жүк ташып келе жаткан жана аны Бангладешке жеткирмек.
Социалдык тармактарга жарыяланган виделолордон учак жерге кулап түшө электе эле өрттөнө баштаганын жана катуу жарылуу болгонун көрүүгө болот. Учакты өчүрүү иштери түнү менен уланган. Кырсык болгон аймакта жергиликтүү бийлик түтүндөн улам жарандарды беткап кийип, үйлөрүнүн эшик-терезесин ачпай турууга чакырды.
Грекияда жалпыга маалымдоо каражаттары бул учак Сербиянын Ниш шаарынын учуп чыкканын, учкуч көп өтпөй эле грек диспетчерлеринен авариялык конууга уруксат сураганын жазышты.
Маалыматка караганда, учак алгач Иорданиянын Амман шаарына конуп май куюп алгандан кийин Бангладешке учмак.
Винница шаарына урулган соккуда мерт болгондордун саны 24кө жетти
Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Борзов кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 68 адам жараат алды. Курман болгондордун үчөө жаш балдар.
Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан шаар жана учурда эки тарап согушуп жаткан линиядан кыйла эле алыс турат. Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат.
Ишембиде Орусия Украинанын Харьков, Днепропетровск жана Одесса облустарын атылоону улантты.
Орусия Украинадагы чабуулдарынын жаңы фазасына даярданып жатат. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын расмий өкүлү Вадим Скибицкий 16-июлда украин телеканалындагы маегинде айтты. Ал соңку күндөрү орус күчтөрүнүн аба соккулары күчөгөнүн белгиледи.
"Бул бир гана абадан жана деңизден жасалган ракеталык соккулар эмес. Биз согуш тилкесинин бардык аймагында аткылоолорду көрүп жатабыз. Тактикалык авиация, чабуул коюучу тик учактар активдүү колдонулууда. Чынында эле бардык тилкеде душман кайсы бир деңгээлде активдешти. Азыр чабуулдун жаңы этабына даярдык жүрүп жатканы анык", - деди Вадим Скибицкий.
Орусия Украинанын түштүгүндө ээлеп алган аймактарда өзүнүн коргонуу позицияларын бекемдеп жатканын 17-июлда Британиянын Коргоо министрлиги билдирди. Британ чалгын кызматынын маалыматка ылайык, учурда Мариупол жана Херсон аймактарында орус күчтөрүнүн, аскердик техникасынын кыймылы активдешти. Ошондой эле Мелитопол шаарында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
16-июлда Москва Украинадагы аскердик операцияларын күчөтөрүн жарыялаган болчу.
Расмий Киевдин маалыматына ылайык, соңку үч күн ичинде орус күчтөрүнүн Украинадагы калктуу конуштарды бутага алган чабуулдарынан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылды. Москва Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.
Орусия Украинага каршы үч миңдей канаттуу ракателарды колдонду
"Биздин өлкөгө жана элибизге каршы колдонулган артиллерия жана башка снаряддардын санын санап чыгуу мүмкүн эмес", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.