Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:26
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:51 18.7.2022

Канада “Түндүк агым-1” газ куурунун Siemens турбинасын оңдоп, Германияга жөнөттү. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсантъ” гезити өз булактарына таянуу менен кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, 17-июлда жөнөтүлгөн турбина Германиядан кеме аркылуу Орусияга алып келинет. Ленинград облусундагы “Портовая” станциясына 24-июлда жеткирилет жана ишке салууга дагы бир нече күн кетет. Натыйжада августтун башына даяр болот.

18:52 18.7.2022

Орусиялык "Дождь" телеканалы 18-июлдан тартып өзүнүн көрсөтүүлөрүн жарым-жартылай жандантып жатат. Бул тууралуу каналдын башкы директору Наталья Синдеева “Холод”басылмасына кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, биринчи этапта телеканалдын Youtube каналында кечки эфирлер жана башка автордук программалар чыга баштайт. Толук эфирлер күз айларында кайрадан чыгат.

13:26 19.7.2022

Украин буудайын экспорттоо маселеси Путин менен Эрдогандын жолугушуусунда талкууланат

Орусиянын жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган бүгүн 19-июлда Тегеренда өтө турган жолугушууда украин буудайын экспорттоо маселесин да талкуулашарын орус президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчисиЮрий Ушаков билдирди.

Путин Тегеранга Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн барарын, ал жактан түрк лидеринен тышкары Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен да жолугушарын Кремль өткөн аптада маалымдаган.

13:27 19.7.2022

Венедиктова Зеленскийдин чечимин талашпай турганын билдирди

Украинанын Башкы прокурорлук кызматынан четтетилген Ирина Венедиктова азырынча бул тууралуу эч кандай комментарий бербей турганын, кийин, анын макамын аныктоо маселеси жөнгө салынган соң гана кеңири маалымат берерин билдирди.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 17-июнда Венедиктованы жана Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Бакановду иштен кетиргени маалым болгон жана ал аталган мекемелердин кызматкерлери Орусия менен кызматташкан ондогон учурлар бар экенин айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG