Украина-АКШ аскердик сүйлөшүүлөрүнө даярдык көрүлүүдө
Украинанын жана Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрү 18-июлда украин маселеси боюнча топтун жолугушуусунун күн тартибин талкуулашты. Украинанын коргоо министри Алексей Резников "Твиттерге" жазганына караганда, жолугушуу 20-июлга пландалууда. Ал АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча маалымат алмашуу болгонун билдирди.
Ермак: Согуштун кышка чейин созулбаганы маанилүү
Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак, Украинадагы согуш кышка чейин созула турган болсо, өлкөдө абал оорлойт.
НВ басылмасына курган маегинде Ермак "орусиялыктардын окоп казганга убактысы болсо, бизге да оор болот. Алар бизди ошого тартып жатат. Андай мүмкүнчүлүктү бербөө биз үчүн маанилүү деп айтты".
Ермак америкалык ленд-лиз мыйзамы тууралуу сүйлөп жатып, жаңы куралдар жана аскердик техникалар жыйынтык бере турганына ишенерин айтты.
Тегерандагы расмий жетекчилер согушта Орусияны ачык жактап чыккан дүйнөдөгү саналуу лидерлерден болуп калды. Батыш өлкөлөрү Иран Москвага учкучсуз учактарды жеткирет деп күмөн санап жатат. Тегеран муну төгүндөдү. Путин менен жолугушуудан кийин Хаменеи Москва айтып келген тезистердин бирин кайталап, “эгер Украинадагы согушту Орусия баштабаса, НАТО баштамак” деген пикирин айтты.
Москва Украинанын орус аскерлери басып алган аймактарынын көпчүлүгүн аннексиялоого даярданып жатат. Бул тууралуу АКШнын президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү Жон Кирби атайын брифингде маалымдады.
Америкалык чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянган Кирби, Кремль Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарынын аймактарын Орусиянын бир бөлүгү деп жарыялай турганын эскертти. Мындай аракеттерди Москванын Крымды аннексиялаган учуру менен салыштырды.
"Орусия Украинанын аталган аймактарында өзүнө баш ийе турган мыйзамсыз кызматтык адамдарды дайындап жатат. Бул адамдар биринчи кезекте жасалма референдумдарды өткөрөт, андан соң Орусия ал референдумдарды колдонуу менен суверендүү Украинанын аймагын аннексия кылууга киришет”, – деди Кирби.
Анын сөзүнө караганда, Орусиянын ниеттери тууралуу мурдагы божомолдор чалгын маалыматтарынын негизинде ырасталууда. Ал “аннексия аракети БУУнун жоболорун одоно бузарын жана жазасыз калбай турганын” кошумчалады.