Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34
Киевге соккунун кесепети. 14-май, 2026-жыл
Киевге соккунун кесепети. 14-май, 2026-жыл

Киевдеги жапырт сокку: Беш киши каза тапты, 40ка жакыны жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:44 20.7.2022

Украин күчтөрү 20-июлда орус аскерлери басып турган Херсон облусундагы Днепр дарыясын кесип өткөн Антонов көпүрөсүнө артиллериялык сокку урду. Бул тууралуу Британиянын чалгын кызматы өз маалыматтарына таянуу менен кабарлады.

Көпүрөгө жасалган жаңы соккуларды аймактагы Москва дайындаган "жетекчинин орун басары" Кирилл Стремоусов ТАСС маалымат агенттигине ырастап, тогуз ракета америкалык HIMARS комплекстеринен атылганын билдирди. Жергиликтүү жикчилдер көпүрөнүн сокку жасалгандан кийинки видеосун да жарыялашты. Анда көрүнүп тургандай, курулуштун ар кайсы жерлери тешилген, бирок транспорттор каттоосун улантууда.

1,4 чакырымдык Антонов көпүрөсүн украин тарап аз күн мурун да аткылаган. Днепр дарыясындагы негизги көпүрө Орусиянын күчтөрү үчүн аскердик техниканы өткөрүүдө, курал-жарак ташууда жана ары бери каттоодо стратегиялык мааниге ээ болуп саналат. Анын жараксыз абалга келгени орус аскерлеринин логистикасына оорчулук жаратат.

13:35 21.7.2022

Чыгыш Европадагы дээрлик 100 адамдан турган эл аралык эксперттер тобу Германиянын өкмөтүнө ачык кайрылуу жөнөтүп, Украинага курал жеткирүүсүн тездетүүсүн талап кылды. Алар өз катында заманбап куралдардын тизмегин кеңейтүүнү да белгилешти.

Кайрылуунун авторлору Европа дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу Украинада тынчтык орнотууга болгон үмүтү акталган жок деп эсептешет.

13:35 21.7.2022

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кремлдин Украинадагы “атайын аскердик операциясынын” “географиялык милдеттемелери” дагы кеңейгенин, ал Донбасс аймагынан башка облустарда да уланарын билдирди. Бул тууралуу министр мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде айтты.

Анын сөзүнө караганда, Батыштын Киевди куралдандыруу аракеттеринен улам орус бийлиги Донецк менен Луганс облустарынан сырткаркы жерлерде “денацификация жана демилитаризация” жүргүзүүнү чечти.

13:36 21.7.2022

АКШ Украинага дагы төрт HIMARS системасын жиберет

АКШ жакын арада Украинага дагы төрт HIMARS реактивдүү артиллериялык системасын жөнөтөт. Бул тууралуу атайын брифингде Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин билдирди.

Ллойд Остин HIMARS артиллериясын “украин күчтөрү өтө натыйжалуу колдонуп жатканын, бул согуш талаасындагы кырдаалды сезилерлик өзгөртүп койгонун айтты. Жаңы пакеттин алкагында ошондой эле мурдараак берилген артиллерияга жана башка жапырт аткылоочу системаларга дүрмөттөр да жеткирилет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG