Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:37 21.7.2022

Евробиримдик шаршемби күнү Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кезектеги, жетинчи санкциялар пакетин жактырды. Санкциялардын тизмеси 21-июлда жарыяланат. Чектөөлөр Орусиядан алтынды жана зер буюмдарды алып чыгууга тыюу салат жана Сбербанктын Батыштагы активдерине бөгөт коёт.

13:38 21.7.2022

Bloomberg: Гаага соту Орусияга каршы алгачкы иштерди кышында карайт

"Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту Орусиянын Украинадагы согуштук кылмыштары боюнча алгачкы айыптарды быйыл кышында карап, чечим чыгарууга ниеттенүүдө", - деп билдирет Bloomberg басылмасы.

Биринчи иш боюнча соттук териштирүүнүн башталышынын так датасы белгисиз. Бирок Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, бул ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында болушу мүмкүн.

17:00 21.7.2022

Украиналык "Форбс": Орусия бир ракетага 3 миллион доллар, бир жоокердин күнүмдүк чыгымына 200 доллар, "табыттагылар" үчүн 110000 доллар жумшап жатат

Forbes.ua ачык булактарга таянып, Орусиянын Украинага каршы согушу канча турарын эсептеп чыкты. Басылма белгилегендей бул так маалыматка жатпайт. Бирок сандар орусиялык бюджеттин куралдануусуна жана аскеринин өмүрү үчүн төлөнгөн чыгымды көрсөтүп турат. "Форбстун" эсебинде Орусия согушка 400 млн. доллар жумшаган.

17:29 21.7.2022

Орусиянын аскерлери Украинанын Запорожье облусунун Никополь жана Харковь шаарларына кайрадан сокку урду.

Украин күчтөрүнүн маалыматына караганда, ракеталар “Град” системаcынан атылган. Турак жайга тийген соккудан эки адам каза болуп, ондогон адамдар жабыр тартты.

Славянск багытындагы кармашта бир нече айылдар аткыланды, Краматорск багытында да бир катар конуштарга артиллериялык дүрмөттөр түштү. Авдеев, Новопавловск, Запорожье, Харьков багыттарында да абал ушуга окшош. Бахмут багытында орус аскерлери Углегорск жылуулук электр борборун алууга аракет кылып, украин күчтөрү аларды сүрүп чыккан. Славянск багытындагы кармаштарда орус тарап чоң жоготууга туш болгону айтылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG