Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:29
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:10 22.7.2022

Украинадагы согушта Орусиянын 15 миңдей жоокери өлдү, 45 миңдей жоокери жарадар болду. Бул тууралуу АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бёрнс Колорадо штатындагы коопсуздук боюнча форумда билдирди.

Axios басылмасы келтиргендей, Бёрнс украин армиясынын жоготуулары салыштырмалуу мындан бир топ азыраак экенин айтты. Ал бул жоготуулар эки тарап үчүн олуттуу экенин кошумчалады.

Москва менен Киев согушта каза болгон аскерлердин санын так айтуудан карманып келүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 25-мартта гана маалымат берген. Анда 1351 аскер өлгөнү, 3825и жарадар болгону маалымдалган. Эксперттик чөйрө бул маалыматтар алда канча азайтып көрсөтүлгөнүн билдирип келет.

10:12 22.7.2022

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга салган санкцияларынын жетинчи пакетинде авиация тармагындагы тейлөөгө жана айрым товарларды жеткирүүгө тыюуну алып салды. Бул тууралуу ЕБдин Кеңешинин билдирүүсүндө айтылат.

Документте ICAO (International Civil Aviation Organization) – Эл аралык жарандык авиация агенттигинин коопсуздук стандарттарын камсыздоо үчүн зарыл болгон нерселерди Орусиянын учактарын тейлөө үчүн жиберүүгө уруксат берилери көрсөтүлгөн. Бирок кайсы тетиктерди ташууга тыюу алынганы так айтылган эмес.

20-июлда ЕБ Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кезектеги, жетинчи санкциялар пакетин жактырды. Чектөөлөр Орусиядан алтынды жана зер буюмдарды алып чыгууга тыюу салат жана Сбербанктын Батыштагы активдерине бөгөт коёт.

10:14 22.7.2022

Орусия, Украина жана БУУ (Бириккен Улуттур Уюму) украин данын экспорттоо келишимине бүгүн, 22-июлда Стамбулда кол коет. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын администрациясы кабарлады. Келишимге кол коюу иш-чарасына Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышарын Anadolu агенттиги жазды.

Москва кол коюлары айтылган келишим тууралуу комментарий берген жок. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Стамбулдагы жолугушуу боюнча аскерлерге кайрылууну сунуштады.

10:17 22.7.2022

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Украина жакында ала турган куралдын тизмесин чыгарды.

  • 155-калибрдеги 20 артиллериялык курал,
  • L119 жеңил куралынан 36 даана,
  • жүздөгөн учкучсуз учактар,
  • танкка каршы 1600 курал,
  • Артиллерия үчүн 50 миңдей снаряд.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG