Британиянын аскердик чалгын кызматы 25-июлдагы бюллетенинде билдиргендей, Украинанын чыгышында жана орус армиясы басып алган Херсон облусунда "натыйжасыз" кармаштар жүрүп жатат. Маалыматка караганда, аскерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, орус командачылыгы чыгышта чабуулду күчөтүүнү же батыш фронтто коргонууну бекемдөөнү билбей жатат.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус бөлүктөрү жекшембиде Углегорск Жылуулук электр станциясын алууга аракеттенгенин жекшембиде билдирген. Донецкиден 50 километр алыс орун алган ал ишкана өлкөнүн экинчи ири станциясы жана стратегиялык инфраструктурага кирет.
Аба аскерлеринин командачылыгынын басма сөз өкүлү Юрий Игнат Орусиянын позицияларындагы үч бута ракетадан аткыланганда жабдуулары талкаланып, аскерлери мерт кеткенин маалымдады. Муну көз карандысыз бышыктоо мүмкүн эмес.
24-июлда, Орусия кол салганына беш ай болгон күнү украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр Херсон облусуна “акырындык” менен жакындап жатканын, “баскынчылар дагы биздин жеңерибизди моюнга алууда” деп айтты.
Ал арада Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы украин армиясынын 92 жоокерине адамзатка каршы кылмыштар үчүн айып такканын билдирди. Киев бул маалыматты азырынча комментарийлеген жок.
Украин бийлиги да өз кезегинде тергөө жүргүзүүдө. Ушул айдагы маалыматка ылайык, орус аскерлери кылган деген согуш кылмыштарына жана агрессияга байланышкан 21 миңден көп иш тергелүүдө.
Кремль согуш кылмыштары тууралуу дооматтарды жана карапайым элди бутага алганын танып келатат.
Украинанын Куралдуу күчтөрү германиялык үч даана "Гепард" зениттик-артиллериялык комплекси менен толукталды. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников билдирди.
"Бүгүн Германиядан алгачкы үч даана "Гепард" расмий өткөрүлүп берилди. Бул комплекстер үчүн он миңдеген снаряддар да бар. Биз "Гепарддан" жалпы 15 даана күтүп жатабыз, - деди ал Улуттук телемарафондун эфиринде айтты.
Украина ушул аптада өлкөнүн деңиз портторунан кемелердин кыймылын баштоого даярданып жатат.
Украинанын инфраструктура министрлиги 22-июлда Стамбулда кол коюлган келишим боюнча ушул жумада порттор аркылуу дан азыктарын чыгара баштайт. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Александр Кубраковго таянып "Интерфакс-Украина" жазды.
«Стамбулда жакынкы эки күндүн ичинде координациялык борбордун ички техникалык документтери иштелип чыгып, 27-июлдан тарта иштей башташы күтүлүүдө», - деди ал.
Александр Кубраков белгилегендей, координациялык борбордун ишмердүүлүгү гуманитардык коридордун иштешин көзөмөлдөө жана координациялоо болуп саналат, бирок Украинанын аймактык сууларына тиешеси жок: «Украинанын аймактык сууларында башкаруу жана бардык процесстерди камсыз кылуу компетенциясына Украинанын бийлиги гана ээ.
26-июлдун таңында орус күчтөрү Одесса, Харьков облустарын, Николаев, Харьков шаарларын аткылады. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү бийликтери социалдык тармактарда жазууда.
Украина президенти Владимир Зеленский орус күчтөрүнүн бул кылганын айыптап, "террористтердин жөн гана аткылагысы келгенин" жазды.
"Адаттагыдай таң. Затока айылы. Тургундар эс алып, жашап жатышкан. База да, аскердик күчтөр да жок. Болгону Орусиядан келген террористтердин аткылагысы келиптир. Алар баары үчүн жооп берет. Ар бир "бошотуучу" биздин талкаланган жашообуз үчүн", - деп жазды Зеленский.