Орусия басып кирген 24-февралдан бери Украинада 5237 карапайым киши, арасында 348 бала набыт болду. Мындай маалыматты Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси таратты. Статистикага ылайык, маркумдардын 2019у эркектер, 1379у аялдар, 143ү кыз жана 164ү эркек бала. Дагы 41 жеткинчектин жана 1491 чоң кишинин жынысын аныктоо мүмкүн боло элек.
Бардыгы болуп 7 миң 35 жай тургун жарадар болгон. Улуттар уюму эң көп киши ( 3120) март айында мерт кеткенин белгилейт. 1-июлдан 24үнө чейин 285 карапайым адамдын өлүмү катталды. Катардагы элдин арасындагы эң көп жоготуулар Луганск жана Донецк облустарында болгон.
Британ бийлиги Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциялардын тизмесин кеңейтти. Ага дагы 42 киши, анын ичинде Орусиянын аймактарынын 29 жетекчиси, юстиция министри Константин Чуйченко жана миллиардер Алишер Усмановдун эки жээни кошулду. Бизнесмен өзү буга чейин санкцияга туш болгон.
Андан тышкары «кара тизмеге» Sputnik International мамлекеттик маалымат агенттигинин башчысы Антон Анисимов жана британиялык видеоблогер, Орусиянын RT жана "Звезда" каналдары менен кызматташкан Грэм Филлипс илинген.
Орусия прокуратурасы КМШ жарандары орус армиясына каршы согушканына камтама
Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов мурдагы советтик өлкөлөрдүн жарандары Украинада орус армиясына каршы согушуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Озоди" радиосу маалымдагандай, 26-июлда Дүйшөмбүдө тажик башкы прокурору Юсуф Рахмон менен кездешүүдө Игорь Краснов жалданма согушкерлерди тартуу жана Украинаны курал-жаракка "шыкоо" КМШга чоң коркунуч жаратарын айтты. Красновду ошол эле күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Европа Биримдиги Москванын газ "шантажына" алдырбай турганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна 26-июлда берген интервьюсунда билдирди.
Бербок "Газпром" Германия менен Орусиянын ортосундагы "Түндүк агым 1” кууру аркылуу ташылган газдын көлөмүн 20 пайызга азайтканын белгилеп, Германия менен Еврошаркет Орусиянын мындай тактикасын биримдиктин мамлекеттери ортосуна чок таштоо катары баалай турганын айтты. Европа буга чейин болуп көрбөгөндөй ынтымакта турганын, азыр орус газынан көз карандылыктан кутулуунун удулу келгенин жакшы түшүнүшөрүн белгиледи.