Европа Биримдигинин мүчөлөрү 1-августтан эмки жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газын керектөөнү 15 пайызга азайтуу тууралуу макулдашты. Шаркеттин сайтындагы маалыматка караганда, бул кадам энергияны “курал катары пайдаланып жаткан” Орусиядан көгүлтүр отун келбей калат деген ыктымалдыкка даярдык иретинде жасалууда.
Дүйшөмбүдө ал өлкөнүн мамлекеттик “Газпром” ишканасы “Түндүк агым 1” куурунун дагы бир турбинасы ишин убактылуу токтоторун, аны менен аккан газдын көлөмү пландалгандан 20 пайызга азаярын эскерткен.
Украинага Германиядан PC3O Mars II жана PzH 2000 гаубицалардын жаңы партиясы келди
Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт билдирип, кийин маалыматты украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак да ырастады.
Mars II - америкалык M270 системасынын европалык аналогу. Бул техника Украинадагы согушта орус армиясынын чабуулун алсыраткан HIMARS системасыныкына окшош ракеталарды колдонот.
Согуш башталгандан бери Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын ичинен 556 жаран Бишкекке жеткирилген. Бул тууралуу 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министриЖээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, быйыл жарым жылда Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери менен консулдук кызматтары кыргызстандыктарга 80 миңден ашуун паспорт берүү, справка, тилкат берүү жана башка бир топ кызматтарды көрсөткөн.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 26-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленскийге сэр Уинстон Черчилл атындагы сыйлыкты тапшырды. Расмий Лондон сыйлык “Путиндин варвардык кол салуусуна туруштук берүүдөгү эрдик, моюн сунбоо жана ар-намыс” үчүн ыйгарылганын билдирди.
Премьердин кеңсесинде өткөн салтанатка Зеленский онлайн катышып, украиндер жана Европанын тарыхы оор күндө жардамга келгендерди эч качан унутпасын айтты. Президент ошондой эле курал-жарак менен көбүрөөк камсыздоого жана Орусияга санкцияларды күчөтүүгө чакырды.