Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:59
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.

Украина Орусия үч жүздөй дрон менен чабуул койгонун билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:47 27.7.2022

Украин аскерлери Орусия көзөмөлгө алган Антонов көпүрөсүн аткылашты

Украин куралдуу күчтөрү 27-июлга караган түнү орус аскерлери ээлеп алган Херсонго жакын жердеги Антонов көпүрөсүн аткылагандан кийин ал жол жабык турат. Бул тууралуу облустун оккупациялык бийлигинин жетекчи орун басары Кирилл Стремоусов билдирди. Анын айтымында, сокку HIMARS системасынан урулган.

Ал эми украин командачылыгы сокку “өтө таамай” урулганын белгиледи.

Ошондой эле Днепр дарыясындагы темир жол көпүрөсүнө зыян келтирилгени маалымдалды.

17:28 27.7.2022

Еврошаркеттин соту орусиялык RT France телеканалына салынган тыюуну колдоду

Евробиримдиктин соту орусиялык RT France телеканалынын доо арызын четке какты. Мартта каналга “дезинформация тараткандыгы” үчүн тыюу салынган.

Шаркет Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушуна байланыштуу бурмаланган маалымат берүүдө деген негизде 1-марттан тарта орус мамлекеттик каражаттарын өз аймагында чектеген.

RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян ошондо биримдикти сөз эркиндигин бузууда, согуш жөн гана “ыңгайлуу шылтоо” деп айыптаган.

12:52 28.7.2022

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар Орусияда абакта кармалып турган эки америкалык жаранды бошотууга байланыштуу орус тарапка олуттуу сунуш берилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 27-июлда Мамлекеттик департаментте өткөн маалымат жыйынында айтты, бирок эмне сунуш экенин тактаган жок.

АКШ деңиз флотунун мурдагы аскери Пол Уилан менен баскетбол жылдызы Бритни Гринерге Орусияда тагылган айыптарда саясий өңүт бар деп эсептейт.

Блинкен бул эки америкалык боюнча сунуш бир нече апта мурда берилгенин жана бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.

12:53 28.7.2022

Украинанын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов 27-июлда билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде украин аскерлери контрчабуул баштаган аймактарда, орус аскерлери ордун алмаштыруу жана кошумча күчтөрдү тартуу боюнча масштабдуу аракеттерди көрүүдө. Киевдин билдиришинче, украин аскерлеринин контрчабуулу алдыга жылууда.

27-июлда Херсон аймагында Орусия басып алган шаардагы Антонов көпүрөсү жабылганын орус тарап билдирген. Эки тараптын расмий өкүлдөрү көпүрөгө украин аскерлери ракеталык сокку урушканын тастыкташты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG