Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28
Киев. Орусиянын соккусунан кийинки куткаруу иштери. 2026-жылдын август айы.
Киев. Орусиянын соккусунан кийинки куткаруу иштери. 2026-жылдын август айы.

"Жети ракета жана жүздөгөн дрон". Украинада ири чабуулдан жайкын тургундар каза болду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:56 28.7.2022

Зеленский Украина Европага электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтөрүн айтты

Украин президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтө турганын жана Орусия газ берүүнү азайтып жаткан шартта Европанын энергетикалык коопсуздугунун кепилдиктеринин бири боло аларын билдирди.

27-июлдагы видео кайрылуусунда ал электр энергиясын экспорттоо Украинанын чет өлкөлүк валютадагы кирешесин көбөйтүүгө гана шарт түзбөстөн, өлкөнүн өнөктөштөрүнө орусиялык энергетикалык кысымга туруштук берүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

12:59 28.7.2022

Украинанын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов 27-июлда билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде украин аскерлери контрчабуул баштаган аймактарда, орус аскерлери ордун алмаштыруу жана кошумча күчтөрдү тартуу боюнча масштабдуу аракеттерди көрүүдө. Киевдин билдиришинче, украин аскерлеринин контрчабуулу алдыга жылууда.

13:03 28.7.2022

"Күйүп кетишкен окшойт". Неберелерин издеген ата

14:54 28.7.2022

"Орусиянын Украинадагы жоготуулары 75 миң аскерден ашышы мүмкүн"

Москва Украинаны басып алууга жөнөткөн күчтөрдүн жарымындайы же 75 миңден көп аскер мерт кетти же жарадар болду. Мындай маалымат менен шаршембиде америкалык конгрессмен, демократтардын өкүлү Элисса Слоткин CNN каналынын эфиринде бөлүштү. Мыйзам чыгаруучу анын алдында президент Жо Байден администрациясынын расмий өкүлдөрү менен купуя маалымат берилген жыйынга катышкан.

Слоткин орус тараптын жоготуулары эбегейсиз, аскерлери чарчап-чаалыккан деп айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG