Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.

Украина Орусия үч жүздөй дрон менен чабуул койгонун билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:29 29.7.2022

АКШ Сенаты Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган мамлекет деп таанууга чакырды

АКШнын Сенаты Ак үйдү Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган мамлекет деп таанууга чакырды. Шаршембинин кечинде колго салынган резолюция бир добуштан жактырылды. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.

Документте сенаторлор Орусиянын Чеченстан, Грузия, Сирия жана Украинадагы аракеттери "чексиз сандагы бейкүнөө эркектердин, балдар менен аялдардын өлүмүнө" алып келгени белгиленет.

17:30 29.7.2022

Донецкидеги жикчилдер ракеталык соккудан туткундагы 40 украин аскери өлгөнүн маалымдады

Украинанын Донецк облусунун аймагында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”-“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмү ракеталык соккудан Еленовка конушундагы абакта туткунда жаткан 40 украин аскери мерт болгонун маалымдады.

Өзүн түзүмдүн маалымат министринин орун басары деп атаган Даниил Безсонов Телеграм каналындагы билдирүүсүндө, “соккуну украин күчтөрү HIMARS артиллериясынан жасашты” деп белгиледи. Анын кабарлашынча, 130дай адам жараат алды.

17:47 29.7.2022

Украина Еленовкадагы туткундардын өлүмүнө Орусияны айыптады

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы украин аскерлери Еленовкага эч кандай ракеталык жана артиллериялык чабуул жасабаганын билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Орусиянын куралдуу күчтөрү "Украинаны "аскердик кылмыштарды" жасады деп айыптоо, ошондой эле туткундарды кыйноону, атып өлтүргөндөрүн жашыруу үчүн Донецк облусунун Еленовка айылындагы абакка өздөрү артиллериялык чабуул жасады".

Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк туткундагы украин аскерлерин орус күчтөрү атайылап массалык түрдө өлтүргөнүн, аны Башкы прокуратура жана эл аралык тергөө топтору иликтей турганын ырастады. Колго түшкөн согушкерлери Еленовкада кармалып турган «Азов» полкунун негиздөөчүсү Андрей Билецкий аскерлерди аткылагандарга «аңчылык» болорун билдирди.

Туткундагы аскерлерди ким аткылаганын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

12:36 31.7.2022

Бириккен Улуттар Уюму украиналык туткундар өлгөн жерге тергөөчүлөрдү жиберүүгө даяр экенин билдирди.

Еленовкадагы украиналык туткундар кармалган түрмө.
Еленовкадагы украиналык туткундар кармалган түрмө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG