Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:01
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.

Украина Орусия үч жүздөй дрон менен чабуул койгонун билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:07 2.8.2022

АКШ жөнөткөн дагы төрт HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Киевге келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасында кабарлап, Кошо Штаттардын президенти Жо Байденге жана америкалык кесиптеши Ллойд Остинге ыраазычылык билдирди.

Украин министри алардын колундагы аталган куралдын санын тактап жазган жок. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар менен алардын жалпы саны 16га жетти.

17:08 2.8.2022

Медведевдин жардамчысы СССР жөнүндө постту экс-президент жазбаганын билдирди

Орусиянын мурдагы мамлекет башчысы Дмитрий Медведевдин жардамчысы Олег Осипов саясатчынын ВКонтакте желесиндеги СССРдин чек арасын калыбына келтирүү жөнүндө постуна түшүндүрмө берди. ТАСС маалымат агенттиги келтиргендей, Осипов бул постту экс-президент жазбаганын, анын баракчасын белгисиз адамдар бузуп салганын билдирди.

Медведевдин жардамчысы бул маселени ВКонтакте социалдык түйүнүнүн жана башка адистер иликтеп жатышарын, чара көрүлөрүн кошумчалады.

17:09 2.8.2022

Түркиянын бийлиги БУУнун ортомчулугу менен Украинадан чыккан дан ташыган биринчи кеме Стамбул шаарына пландалгандан кечигип жатканын, кеминде “түн ортосунан кийин” жетип келерин маалымдады.

Сьерра-Леоне мамлекетинде катталган, Razoni деп аталган кеме 26 миң тонна жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан 1-августта Кара деңиз аркылуу жолго чыккан. Ал 2-августтан түштөн кийин Стамбулга келери айтылган эле. Бирок аба ырайына жана сууда миналар бар экендигине байланыштуу акырын жүрүп жатканы кеп болду.

13:52 3.8.2022

Эл аралык TOEFL англис тили сынагын уюштурган ETS уюму орус паспорту менен тестке катталууга, ошондой эле буга чейин алынган жыйынтыктарды университеттерге жөнөтүүгө тыюу салды.

ETS “АКШнын Каржы министрлигинин талаптарынан улам” Орусиянын жана Түндүк Кореянын жарандарына сынактарга кирүүгө тыюу салынганын маалымдады.

Би-Би-Си жазганына караганда, эгер сынак тапшыруучу орус жараны экенин көрсөтсө, анда системада "Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) талаптарына ылайык, сиз TOEFL кызматын колдоно албайсыз" деген мазмунда билдирүү чыгат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG