Украинанын Донецк облусунда милдеттүү эвакуация башталды
Украинанын Донецк облусунун тургундарын коопсуз аймактарга чыгарып кетүү боюнча милдеттүү эвакуация башталды. Бул тууралуу украин вице-премьер-министри Ирина Верещук Телеграм каналында билдирди.
Алгачкы поезддер Кропивницкий шаарына келди. Анда аялдар, балдар, карылар жана ыкчам кыймылдай албай турган адамдар биринчи чыгарылып кете турган болду.
Орусиянын Жогорку соту Украинанын "Азов" полкун террордук уюм деп тапты жана ага тыюу салды. Мындай чечим 2-августта өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кабыл алынды.
Соттук отурум жабык өттү. Сот чечимдин корутунду бөлүгүн гана жарыялады, ага алып келген жагдайлар ачык айтылган жок. ТАСС агенттиги кабарлагандай, чечим азырынча күчүнө кире элек, уюмдун жактоочулары апелляциялык арыз жазса болот.
АКШ Алина Кабаева баштаган орусиялык жарандарга санкция салды
Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Украинага баскынчылыгына байланыштуу санкцияларын кеңейтип, орусиялык ири бизнесмендерди жана ондогон компанияларды кара тизмеге киргизди. Ишканалардын арасында "Магнитогорск металлургиялык комбинаты" менен "Сколково" фонду да бар.
Жеке адамдардын тизмесинде аталган металлургиялык заводдун башчысы Виктор Рашников, "Фосагро" холдингинин мурдагы директору жана миллиардер Андрей Гурьев, "Еврохим" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Андрей Мельниченко, "Трубалык металлургиялык компаниянын" директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Дмитрий Пумпянский жана башкалар бар. Санкциялык тизмеге мындан сырткары Олимпиада чемпиону, президент Владимир Путин менен мамилеси бар деп саналган Алина Кабаева да кирди.
Шейшембиде Канада дагы Орусияга карата санкцияларын кеңейтип, бул өлкөнүн аскердик жана коргонуу тармактарындагы бир нече жетекчилерди кара тизмеге кошту. Анын тизмесине бул жолу 43 адам жана 17 юридикалык жак кирди.
Согуш башталгандан берки биринчи кеме Украинадан Түркияга келди
БУУнун ортомчулугу менен дан ташыган биринчи кеме Украинадан Стамбул шаарына пландалгандан кечигип, шейшембиде түн жарымда келди. Ал 36 саат жол жүрүп, Босфор кысыгынын кире беришине токтоду.
Сьерра-Леоне мамлекетинде катталган, Razoni деп аталган кеме 26 миң тонна жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан 1-августта Кара деңиз аркылуу жолго чыккан. Ал 2-августта түштөн кийин Стамбулга келери айтылган эле. Бирок аба ырайына жана суудагы миналардан улам акырын жүргөнү айтылды.