Украин күчтөрү Крым менен Херсонду туташтырган темир жолго сокку урду
Украинанын куралдуу күчтөрү орус аскерлери басып алган Херсон облусу менен аннексияланган Крымды туташтырган темир жолдо курал-жарак ташып келаткан орусиялык эшелонго сокку урду. Бул тууралуу Британиянын чалгын кызматы күн сайын жарыяланчу соңку бюллетенинде маалымдап, темир жолду жакын арада калыбына келтирүү оор болорун болжоду.
Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлигинин ыкчам командачылыгы Херсонго үч сокку жасалганын кабарлаган. Андан кеминде 20 орус аскери өлгөнү, бир нече танк, гаубица, автоунаа жана чопкутталган техника жок кылынганы такталган.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси Европадагы эң чоң атомдук станция – Запорожье атомдук электр станциясынына (АЭС) байланыштуу кооптонуусун жарыялады. Ал Украинанын орусиялык аскерлер басып алган аймагында жайгашкан.
Associated Press маалымат агенттигине курган интервьюсунда, Гросси Орусия менен Украинаны эл аралык эксперттерге станцияга коопсуз кирүүсүн камсыздап берүүнү өтүндү.
Германиянын канцлери Олаф Шольц “Түндүк агым-1” куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү атайылап кечеңдетип жатканын билдирди. Анын айтымында, Москва аны ташууга зарыл болчу документтерди берүүдөн баш тартып жатат.
“Муну жеткирбей коюуга эч кандай негиз жок. Алар болгону турбинаны алып кеткиси келерин айтып, Орусияга алып кетүү үчүн керектүү бажы документтерин гана көрсөтүшү керек эле”, - деди Шольц 3-августта турбинанын жанында туруп жасаган билдирүүсүндө.
Бириккен Улуттар Уюму Донецк облусундагы Еленовка шаарында туткундалып турган украин аскерлеринин өлүмүн иликтей турган болду. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди. Анын айтымында, иликтөөнүн жүрүшүн Орусия да, Украина да талап кылууда.
2014-жылдан бери украиналык туткундар кармалып келген Еленовкадагы колониядагы имараттардын биринде жарылуу болгону быйыл 29-июлда белгилүү болду. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары, андан кийин Reuters агенттигинин журналисттери талкаланган имараттын кадрларын көрсөтүштү. Бул колониядагы имараттардын бири экени айтылууда. Кадрларда эки кабаттуу керебеттерде жаткан адамдардын күйүп кеткени тартылган.