АКШнын сенаты шаршембиде Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсү жөнүндө келишимди ратификациялады. Документти 95 сенатор колдоду, бирөө каршы болду.
“Финляндиянын жана Швециянын мүчөлүгү НАТОну мындан да бекемдейт. Бул Украинадагы орусиялык агрессиянын, путиндик согуштун фонунда өтө актуалдуу болуп турат", – деди Сенаттын демократиялык көпчүлүгүнүн башчысы Чак Шумер.
АКШнын президенти Жо Байден бул чечимди эки партиянын НАТОну колдоодогу терең ынтызарлыгын көрсөтүү катары баалады.
"Газпром" газ куурунун турбинасын санкциялардан улам алып кете албай жатканын билдирди
Орусиялык газ монополисти “Газпром” компаниясы Германиянын лидеринин сөзүнө байланыштуу билдирүү таратып, “Түндүк агым-1” куурунун турбинасын Канаданын, Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык режимдеринин айынан алып кете албай жатканын кабарлады.
3-августта немис канцлери Олаф Шольц турбинаны алып кетүүнү Орусия өзү атайылап кечеңдетип жатканын айткан. Анын белгилешинче, Москва аны ташууга зарыл болчу документтерди берүүдөн баш тартып жатат.
Эстониянын өкмөтү коомдук жайларда советтик эстеликтерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасы бул өлкөнүн бийлигине таянуу менен кабарлады.
Эстон мамлекетинде советтик мезгилде курулган жалпы 400дөй монумент бар.
“Министрлер кабинетинин отурумунда биз оккупациялык бийликтин символикалары бар мемориалдарды жок кылуу маселесин кеңири талкууладык. Башкысы чечилди – кызыл монументтер коомдук мейкиндиктен алынат, муну биз жакын арада ишке ашырабыз”,- деп жарыялады Эстониянын премьер-министри Кая Каллас.
Новосибирск, Курган, Саратов жана Ульяновск облустарында Украинадагы согушка катышууну каалаган ыктыярчылардын жаңы батальондору түзүлүүдө жана аларга бир жолу төлөнүүчү 300 миң рубль сунушталууда. Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматы боюнча, ошол эле маалда Орусиянын аймактарында ыктыярчыларга акча төлөөнү кийинкиге жылдыруулар башталды.
Башкыртстанда согушка барууну каалагандарга берилүүчү 200 миң рублдан акча үч айга чейин тоңдурулганын бул аймактын бийлигинен кабарлашты. Ал эми суткасына төлөнө турган эки миң рубль айына бир ирет берилет.